Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Сузакта майып адамдар үчүн реабилитациялык борбор курулуп жатат
Янгиликлар

Сузакта майып адамдар үчүн реабилитациялык борбор курулуп жатат

Апрель 29, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Сузак районунун Жыгач-Коргон айылында майып жарандар үчүн реабилитациялык борбор курулуп жатат. Бул тууралуу райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Өмүрбек Мамытов билдирди.

Анын айтымында, курулуш иштери 2 айдын ичинде аягына чыгып калат. 

«Районубузда  майыптыгы бар жарандардан куралган «Асыл-Ай» коомдук бирикмекси көп жылдардан бери райондо майыптыгы бар адамдар үчүн калыбына келтирүүчү борбор куруу зарылчылыгы бар экенин айтып, кайрылып келет. Сузак райондук мамлекеттик админстрациясынын көмөгү менен райондун Жыгач-Коргон айылынан жер тилкеси бөлүнүп, эл аралык уюмдардын көмөгү менен курулушу башталган. Ушул тапта имараттын дубалы көтөрүлүп калды. Курулушчулар 2 айдын ичинде реаблитатциялык борбор толугу менен курулуп бүтөрүн айтышты», – деди ал.

«Асыл-Ай» коомдук бирикмексинин жетекчиси Жумакан Жаркулова борбордо жарандар ден соолугун калыбына келтирип гана тим болбой, кол өнөрчүлүктү да өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк болоорун айтты. 

«Калыбына келтирүүчү борбор куруу боюнча 2012-жылдан бери маселе көтөрүп келебиз. Бул сунушубуз быйыл колдоо таап, иштер жүрүп жатат. Мындагы борбор ишке кирсе 8 киши иш менен камсыз болуп, майыптыгы бар жарандар келип саламаттыгын калыбына келтирүү менен бирге кол өнөрчүлүктү өздөштүрүп же компютер үйрөнүп кошумча каражат таап, коомчулук менен аралашып кетүүгө мүмкүнчүлүк алат», – деди ал. 

Жалал-Абад облусунда 51 миңден ашуун ден соолугунан майыптыгы бар жаран бар. Ал эми Сузак районунда 13 миңден ашуун майыптыгы бар жаран мамлекеттен жөлөк пул алып келет. 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleПрезидент шайлоого өзгөртүүлөрдү киргизген мыйзамга кол койду
Next Article Өлкө аймагында бир жумада 2862 унаа айып короого киргизилди

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.