Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Сузакта мас айдоочу жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кетип, 6 жаштагы кыздын өмүрү кыйылды
Янгиликлар

Сузакта мас айдоочу жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кетип, 6 жаштагы кыздын өмүрү кыйылды

Май 6, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Сузакта мас абалындагы тургун унаасы менен жол четиндеги 3 жөө жүргүнчүнү сүзүп кетти. Бул тууралуу күбөлөр билдирди.

Алардын айтымында, окуя кечээ, 4-май күнү райондун Таран-Базар айылында орун алган. 

«Калма-Кырчын айылынын тургуну Р.М өзүнө тиешелүү болгон “ВАЗ-2107” үлгүсүндөгү унаасын башкарып бара жатып кечке жуук жол четиндеги тротуарда бара жаткан жүргүнчүлөрдү коюп кетиптир. Биз барсак айдоочу мас абалда экен. Кыздардын бири ошол жерде жан берди, ал эми экөөсүн оор абалда бейтапканага алып кетишкен», – дейт күбө.

Аталган маалыматты облустук милиция да ырастап, шектүү камакка алынганын билдирди.

2025-жылдын 4-май күнү саат 19:50 чамасында Сузак районунун Жалал-Абад—Казарман автожолунун 44-чакырымында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө Октябрь аймактык ооруканасынан кабарлашкан.

«”ВАЗ-2107″ үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу — Калма-Кырчын айылынын 1978-жылы туулган тургуну Р.М. автоунааны мас абалда айдап бараткан учурда, жол жээгиндеги тротуарда бара жаткан Таран-Базар айылынын жашоочулары — 2019-жылы туулган М.А. жана 2010-жылы туулган М.А. аттуу балдарды сүзүп кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 2019-жылы туулган бала ооруканага жетпей каза болуп калган. Экинчи жабырлануучу — 2010-жылы туулган бала учурда Жалал-Абад облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Бул факт Сузак РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси (Автотранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголду.

Шектүү катары айдоочу Р.М. кармалып, учурда Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайында. Окуя боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат», – деп айтылат маалыматта.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleСосновка айылынын тургундары Кара-Балта дарыясына ташталган таштандыларга нааразы болушууда
Next Article Румынияда президенттик шайлоо өттү

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.