Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Сузакта жол кырсыгынан жабыркаган 15 жаштагы өспүрүм сынык-жараат бөлүмүнө которулду. Мындай маалыматты, Жалал-Абад облустук балдар ооруканасынын сынык-жараат бөлүмүнүн башчысы Жоомарт Мусаев билдирди.
Анын айтымында, бейтап келе жаткан апта үйүнө чыгарылат.
«4-май күнү кечинде унаа коюп кеткен 15 жаштагы кыз оор абалда келип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Анын баш мээси чайкалып, жамбаш сөөктөрү сынып кеткен. Кыздын абалы турукташкандан кийин, тагырагы 3 күндөн кийин биздин бөлүмгө которулду. Азыр абалы орто оор, сынган сөөктөрү бар. Ошентсе да келе жаткан аптага чейин абалы жакшырса үйүнө чыгууга уруксат беребиз», – деди дарыгер Ж.Мусаев.
Буга чейин Turmush Сузактын Таран-Базар айылында мас абалда унаа башкарган айдоочу жол четинде бара жаткан жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп, 6 жаштагы өспүрүм окуя болгон жерде мерт болгонун жазган.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
									 
					