Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Сузак районунун Чаңгыр-Таш айылындагы мектепти аяктаганына 20 жыл болгон бүтүрүүчүлөр өздөрү билим алган мектепти оңдоп жатышат. Бул тууралуу классташтардын бири Чыңгыз Сатаров билдирди.
Анын айтымында, бүтүрүүчүлөр жалпы 1,5 млн сом акча чогултушкан.
«Биз Чаңгыр-Таш айылындагы №3 Чаңгыр-Таш мектебин 2005-жылы аяктаганбыз. Буга чейин да 20 жылдык бүтүрүүчүлөр мектепти оңдоп-түздөөдөн өткөрүп берүүнү адатка айлынтып алышкан. Алсак мурдагы жылкы бүтүрүүчүлөр билим уяга заманбап даараткана куруп, мектептин футбол ойноочу стадионун жаңылап оңдоп берсе, былтыркы жылкы бүтүрүүчүлөр мектептин айнек-эшиктерин толугу менен жаңылап берген. Бул жылы биз мектептин дарбазасынан баштап 65 метр арка куруп, үстүн жаап, анын 2 четин тосуп, гүл эгип алдына таман таш (брусчатка) төшөп бердик. Курулуш үчүн жалпы 1 млн 500 миң сом сарпталды. Аны 60 классташ колго алдык», – деди ал.
№3 Чаңгыр-Таш жалпы билим берүүчү мектебинде ушул тапта 1100дөн ашык бала билим алат.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
									 
					