Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Сузак районунун Көк-Арт айыл аймагынын Жалгыз-Жаңгак айылында салынып жаткан 375 орундуу мектеп жаңы окуу жылында пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук капиталдык курулуш башкармалыгы кабарлашты.
Маалыматка караганда, былтыр салына баштаган Казакбаев атындагы мектептин курулуш иштеринин 80 пайызы бүтүп калган. Мектеп үчүн жергиликтүү бийлик тарабынан 3 гектар жер ажыратылып берилген. Жалпы сметалык баасы 128 миллион сомду түзөт. Ашкана, спорт залы менен камтылган мектептин стадиону да кошо камтылган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
