Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Түндүк Кореянын Чхонжин шаарындагы кеме куруучу заводдо 5 миң тонналык жаңы эсминецти суудан түшүрүү учурунда авария болду. Бул тууралуу Түндүк Кореянын Борбордук телеграф агенттиги билдирди. Салтанатка Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын катышкан.
Агенттиктин маалыматына ылайык, кеменин арткы бөлүгүнүн түшүрүүчү платформасы мөөнөтүнөн мурда багыттоочу жолдон чыгып, тоскоолдукка учураган. Ага байланыштуу кеме тайыз жерге жайгашып, анын түбү жабыркап, тең салмагы бузулган.
Түндүк Кореянын лидери аварияны жоопкерчиликсиздиктин кесепетинен келип чыккан жол берилгис олуттуу жана кылмыштуу шалаакылык, ошондой эле илимий эмес эмпиризм деп атады. Ал күнөөнү партиянын Борбордук комитетинин коргоо өнөр жай бөлүмүнө, Ким Чак атындагы Политехникалык университетке, Кеме куруу борбордук институтуна, Чхонжин кеме куруучу верфине жана заводдун жумушчуларына жүктөдү.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
