Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Бүгүн, 23-майда Түп районундагы М.Элебаев жана А.Карымшаков атындагы мектептеринде жалпы республикалык тестирлөө өтүп жатат. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Сейитбек Абдылдабеков билдирди.
Анын айтымында, тестирлөөгө байланыштуу бул 2 мектепте билим алган окуучулар аралыктан билим алышууда. Тест тапшырууга 11-класстан 693 окуучу жана 50гө жакын мурдагы бүтүрүүчүлөр катышууда.
«Жалпы республикалык тестирлөө 3 күнгө созулат. Бул аралыкта Түп айылындагы А.Карымшаков жана Талды-Суудагы М.Элебаев атындагы билим берүүчү мекемелердин мугалимдери окуучуларга онлайн режимде билим берет», – деди ал.
Райондо 2024-2025-окуу жылында 11-классты 764 окуучу, 9-классты 1190 окуучу аяктап жатат.
«Жылдык көрсөткүчтүн жыйынтыгы менен 11-класстар арасында жалаң 5 деген баага окуп келген 23 бүтүрүүчүнү Кызыл аттестатка сунуш бердик. Бүтүрүү кечелери уюштурулбайт, катуу бөгөт чаралары коюлду. Ошондой эле мугалимдер арасында белек алууга тыюу салынды. Эгерде кандайдыр бир окуя катталса кызмат орду каралат», – деди райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
