Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Түптүк мугалим Г.Касымова самындан сувенир жасап, кошумча каражат таап келет
Янгиликлар

Түптүк мугалим Г.Касымова самындан сувенир жасап, кошумча каражат таап келет

Май 4, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Түп районунун Чоң-Тогузбай айылынын тургуну Гүлзат Касымова мектепте мугалим. Ал негизги жумушунан сырткары кол өнөрчүлүктү аркалап, самындын түрүн жасап келет. Аны менен аймактык кабарчы маек курду. 

«Мен 1977-жылы жарык дүйнөгө келгем. Туулуп-өскөн жерим — Ысык-Көл районунун Корумду айылы. Дал ушул айылдагы К.Орозов атындагы жалпы билим берүү мектебин аяктагам. Бала кезимде эле кол өнөрчүлүккө болгон шыгым ойгонуп, мектепте билим алган кездери сайма сайып, сүрөт тарканга кызыкчумун. Кийин окууну бүтүп, кесип тандоого кезек келгенде өзүмдүн каалоом менен К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетнин көркөм өнөр жана чийү факультетине тапшыргам. Жогорку окуу жайды 1999-жылы аяктап, дароо эле №2 кесиптик лицейге мугалим болуп орноштум. Аталган мекемеде 5 жыл бою студенттерге чеберчилик боюнча билим бердим. Андан соң өмүрлүк жолдошум менен баш кошуп, Чоң-Тогузбай айылында жашап мектепке орноштум. Өмүрлүк жарым да мугалим, экөөбүз 1 кыз жана 4 уулду тарбиялап келе жатабыз», – деди ал.

Жипке жан киргизип, түймө-сайманын түрүн жасап, окуучуларга үйрөткөн Г.Касымова самын жасоону да өздөштүрүп, кошумча киреше таап жатканын айтат. 

«Жалпы агартуу тармагында 25 жылдан бери эмгектенип келе жатам. Чоң-Тогузбай мектебинде окуучуларга, көл эмгек жана технологиядан сабак берем. Азыр ааламдашкан заман деп айтып келебиз. Мына ушул шартта кыргыздын улуттук баалуулуктарын жеткирип, унутта калып бара жаткан кол өнөрчүлүктү жандандыруу башкы максатыбыз. Себеби азыр бардык нерсе сатык болуп калды. Мындан улам колго жасалган буюмдар баалуу деп эсептесек болот. Шыгы ойгонгон окуучуларым бар, аларга кыргыз жана кытай саймаларын үйрөтөм. Ошондой эле, кошумча жаңы техниканы изденип, жаңылык киргизүүгө аракет кылып жатам. Сайма өзү өтө татаал, кылдаттыкты жана чыдамкайлыкты талап кылат. Ар бир жасаган эмгек 1,5 миңден 2 миң сомго чейин бааланат. 

Мындан сырткары, кошумча киреше табуу иретинде самын жасоо курсун сатып алгам. Учурда дарылык касиети бар чөптөрдү жана териге пайдалуу болгон ромашка, зайтун майы кошулган самындарды жасап жатам. Ар биринин өзгөчөлү бар, алгач муну сувенир катары гүлдүн формасын түшүрүп, жыпар жыт камтып, кооздоп жасагам. Ушул өнөргө дагы өзгөчөлүк киргизип, азыр бөбөктөр үчүн жомок каармандарын, тактап айтканда жан-жаныбарларды куюп даярдап жатам. Эми бул аракетим жаңы гана башталышы болгондуктан бир самынды 50 сомго баалап, негизги сатып алуучуларым айылдаштарым болуп жатат. Келечекте бул чеберчиликти дагы улантып, дагы изденүү менен жаңы эмгекти камтыйм деген максатым бар», – деп сөзүн жыйынтыктады ал.

 

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleАлыкул менен Зейнептин таанышуусу, баш кошуусу жана эки ажырым жолго салган тагдыры
Next Article Чолпон-Атада жөө күлүктөрдүн эл аралык жарышы өттү

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.