Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Бүгүн, 27-май күнү Түп районунда китепкана кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган иш-чара болуп өттү.
Аймактык кабарчы билдиргендей, иш-чара райондук маданият үйүндө уюштурулуп, ага маданият тармагынын кызматкерлери жана китепканачылар катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө китепкана тармагында көп жылдык үзүрлүү эмгек сиңирген, окурмандардын ой жүгүртүүсүн өстүрүүгө, китеп окуу маданиятын калыптандырууга жана жаш муундун китепке болгон кызыгуусун арттырууга салым кошкон китепкана кызматкерлери сыйланышты. Алардын айрымдарына «Кадырлуу эмгек каарманы» төш белгиси, ардак грамоталар жана баалуу белектер тапшырылды.
Бул сыйлыктар маданият жана билим берүү тармагындагы талыкпаган эмгектин, өз ишине болгон берилгендиктин жана коомго кошкон зор салымдын ачык белгиси болуп эсептелет.
Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө район аймагындагы 5 айыл аймактын китепканачыларынан түзүлгөн 5 тайпа үй тапшырмаларды жогорку деңгээлде аткарып, Түп райондук маданият бөлүмү тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды