Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Президент Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын бейформал саммитине катышты. Саммит бүгүн, 21-майда Венгриянын Будапешт шаарында Кыргызстандын төрагалыгынын алкагында өттү.
Иш-чаранын жыйынтыгында ТМУга катышуучу өлкөлөрдүн лидерлери бир катар документтерге кол коюшту.

Алар:
• Түрк мамлекеттер уюмунун бейформал саммитинин Будапешт декларациясы;
• «Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысынын ыйгарым укуктарын узартуу» жөнүндө чечим;
• «Өзбекстан Республикасынын Түрк маданияты жана мурасы фондуна кошулуусу жөнүндө» чечим;
• Афганистан боюнча мамлекет башчыларынын кеңешинин билдирүүсү.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
