Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Стамбул шаарынын тургуну Гүлүмжан Касымкулова. Түрк элине келин болуп, учурда 2 кызды тарбиялап жаткан Гүлүмжан айым жолдошу менен кантип таанышып калганын, эсте калган кызыктуу окуялары жана учурдагы жашоосу тууралуу Turmush басылмасына айтып берди.
«Мен 1992-жылы Нарын шаарында жарыкка келгем. Мектепти аяктаган соң, Бишкек шаарындагы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын колледжине тапшырдым. Ошол убактагы экономикалык оор кырдаалга байланыштуу иштөөгө туура келип, 3-курстан кийин окууну таштап салдым.
2016-жылы Түркиянын Стамбул шаарына 6 айга иштегени келдим. Анда түрк улутундагы Омер Куршун аттуу жигит менен таанышып калдым, ал биздин башчыбыздын тууганы эле. 1996-жылкы, Түркиянын Адыяман шаарынан болот. Жумуштан чыкканда күндө үйгө жеткирип, тамак алып берип жүрүп, жүрөгүмдү багындырып алды.
Ооба, байкаганыңыздардай, ал менден 4 жашка кичүү. Алгач аны менен таанышып жатканда 24 жашта болчумун, бирок 19 жашта экенимди айткам. Омер ошол учурда 20 жашта болсо, мага 24төмүн деген. Ошентип, 6 айлык мөөнөт бүтүп, Кыргызстанга кайтуу үчүн учакка билет алганы жатсам, паспортумдан канчанчы жылкы экенимди байкаган экен. Бирок үн катпаптыр…», – деди ал.
Анын айтымында, үйлөнүү сунушу күтүүсүз жерден киргизилген.
«Мени жоготуп алгандан корктубу, айтор Кыргызстанга кайтып жатканда апамдын, сиңдимдин байланыш номурун жазып алды. Мекениме кайткандан кийин телефон аркылуу сүйлөшүп жүрдүк. Күндөрдүн биринде ал: “билет алам, Түркияга келип эс алып кет” деди. Мен бул сунушуна “жок, ооба” деп жүрүп, кайра Стамбулга барып калдым. Ошол учурда мага күтүүсүз жерден үйлөнүү сунушун киргизди, мен баш тарта алган жокмун. Ал апам менен телефон аркылуу сүйлөшүп, уруксатын жана батасын алды. Анан туугундарына мени тааныштырып, имам бизди никебизди кыйып берди. Бир канча убакыттын кийин расмий түрдө никеге турууну каттоого бардык. Дал ошол учурда ал да мени алдаганын билдим. Көрсө, Омер менден 4 жашка кичүү экенин жашырып, өзүн улуу көрсөткөнгө аракет кылыптыр. Азыр ошол окуяны эстеп, күлүп калабыз», – деди ал.
Каарманыбыз келиндик доору жана кыздары боюнча сөз кылды.
«Апам жана агаларым Түркияга биздин тойго келишмек, анан 5 күн калганда “апамдар менен чогуу келейин” деп Кыргызстанга кетип калдым. Анан алар: “күйөөгө тийдиң эле го, биз бармакпыз. Сен эмне үчүн келип алдың?” деп таң калышты. Жолдошумдун туугандары болсо “бул жинди кыз го” деп менден сууп калышкан экен. Көрсө менин гормондорум “ойноп жатыптыр”, боюмда бар болуп чыкты.
Жолдошум абдам боорукер, мүнөзү жагат, кайын журтта мен жөнүндө сөз болуп калса дайым коргуштап турат, “сен антип койдуң, мынтип койдуң” деп эч качан күнөөлөгөн эмес. Учурда 2 кыздын ата-энесибиз, улуусу 6 жашта, кичүүсү 15 айлык. Мага жана кыздарыбыз үчүн бардык шарттарды түзүү үчүн айрым учурда эс алуу күнү жок иштеп калат. Кыздарыбыздын жанында 24 саат бирге болсом да, баары бир аталап турушат.
Учурда кайната жана кайненем менен абдан жакшы мамиледемин, ай сайын бизге ар кандай азык-түлүктөрдү салып турушат. Кыздарым Кыргызстандан жараны болушсун деп, экөөнү тең Кыргызстанда төрөдүм. Бирок баары бир түрк жарандыгын алып калышты», – деди ал.
Гүлүмжан айым учурдагы жашоосу жана алдыга койгон-ой максаты жөнүндө кеп козгоду.
«Жалпы түрктөрдүн каада-салттары биздикине окшош, келиндик кызматты кыласың, бирок эч качан мажбурлашпайт, баары өзүңдүн каалооңо байланыштуу. Улуу абысыным менен жакын жашайбыз, экөөбүз эки күндө бир жоолугуп, балдарды сейилдөөгө алып чыгабыз, же үйдө отурабыз.
Келечекте сулуулук салонун ачкым келет же Кыргызстанга кийим жөнөтүп иштесемби деген ойлор бар. Жолдошум көп балалуу болгусу келет, Кудайым буйруп, үчүнчү наристебизди колго алууну кыялданып жүрөбүз», – деп сөзүн жыйынтыктады ал.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
