Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – 6-майда Анкара шаарында Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев менен Түркиянын Үй-бүлө жана социалдык кызматтар боюнча министри Махинур Өздемир Гөкташ жолугушканын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар социалдык саясат чөйрөсүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Айрыкча үй-бүлөнү колдоо, аялдардын укуктарын коргоо, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жана улуу муундагы жарандарга жардам көрсөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Элчи Руслан Казакбаев Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан социалдык-экономикалык реформалардын маанилүүлүгүн белгилеп, профилдик мекемелердин линиясы боюнча Түркия менен кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Өз кезегинде министр Гөкташ Түркия үчүн Кыргызстандын өнөктөш катары маанисин баса белгилеп, бардык тармактар боюнча кызматташууга, анын ичинде социалдык коргоо тармагында Түркиянын топтогон тажрыйбасын кыргыз тарап үчүн артыкчылыктуу багыттар боюнча бөлүшүүгө даяр экендигин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында социалдык чөйрөдө эки тараптуу кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө өз ара кызыкдарлык тастыкталып, эки өлкөнүн профилдик министрликтери арасында жумушчу топторду түзүү боюнча макулдашууга жетишилди.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
