Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Түркияда Республикалык элдик партиянын (РЭП) лидери Өзгүр Өзелге кол салуу болду.
Жергиликтүү басылмалар маалымдагандай, ага 4-майда парламенттин мурдагы депутаты, актер Сырры Сурейя Өндерди эскерүү иш-чарасынан тарап бара жатканда белгисиз адам кол салган.
Укук коргоо органдары шектүү буга чейин 2004-жылы өз балдарын өлтүргөн, соттуулугу бар жаран экендигин аныкташкан.
Өзгүр Өзел — камакка алынган Стамбулдун мурдагы мэри, оппозиционер Экрем Имамоглу менен партиялаш.
🔴#SONDAKİKA | Özgür Özel’e saldıran şahıs gözaltına alındı.
— ibrahim Haskoloğlu (@haskologlu) May 4, 2025
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
