Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Кечээ, 7-майда Чүй облусунун Москва районуна караштуу Кызыл-Туу айылында Улуу Жеңиштин 80 жылдыгы белгиленди. Анда «Өлбөс полк» жүрүшү өтүп, эстелик ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, анда Улуу Ата Мекендик согуштун168 катышуучуларынын аттары ташка чегилген эстеликтин ачылыш аземи өттү.
- Кызыл-Туу айылы Төрт-Гүл аймагындагы райондун борборуна жакын жайгашкан айылдардын бири.
Эстеликтин ачылыш аземинде райондун акими Ниязбек Козуев жергиликтүүлөрдү Улуу Жеңиштин 80 жылдык майрамы менен куттуктады.
«Бул эстелик жөн гана таштан курулган архитектуралык курулуш эмес. Бул эстелик элдин духу, наркы, тарыхы жана жүрөгү. Ал ар бир жарандын мекенчил сезимин козгоп, биримдикке, ынтымыкка чакырат», – деди аким.
Ал эми демөөрчү, 66 жаштагы Каныш Алымкулова көптөп бери жүрөгүндө жашаган идеясы турмушка ашып жатканын билдирип, өкүнүч менен кубанычын тең бөлүшүп: «Мен атамды көрбөй калдым. 9-май — Жеңиш күнү белгиленип жаткан күндөрдө акыркы 15 жылдан бери өзүмчө кыйналып жүрдүм. Эмне кылып аталарды эскерип, эрдигин даңазалайбыз? Акыры жолдошум Бейшенбай экөөбүз үй-бүлөбүз менен кеңешип, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына арналган эстелик тургузуу идеясы ишке ашты», – деди ал.
Ал эми Кызыл-Туу айылынын кызы, прозаик, акын, котормочу Афина Абдылдаева :
«Түнкү саат үчпү-төртпү, караңгы,
Апам мени ойготуп беш жаштагы.
Жонуна көтөрөт да илкип жөнөйт,
Пахтага беш чакырым талаадагы», – деген ыр саптары жазылган «Кут» аттуу китебин трубинага көтөрө чыгып, айылдын тарыхына токтолду.
«Менин балалыгым ушул айылда өттү. 14 жашыма чейин айылда окудум. Көп улуттуу мектебибизге Аң-Арык, Төрт-Гүл, Предтеченкадан келип билим алышкан. Ал мектеп азыр жок. Биз согуш учурунун балдары болгонбуз. Бир класста 6 бала окусак, алардын бешөө азыр жок. Ошол учурда бизди окуткан Күкүн эжей менен бүгүнкү майрамды чогуу тосуп отурганым мен үчүн кош майрам.
Ал эми Чоң-Чүй каналы курулган соң, айылда пахта өстүрүлүп, ал райондун экономикасын көтөрүүдө негизги киреше булагына айланган. Андагы күндөр али эсимде», – деди ал.
Салтанатка райондун жетекчилери, Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Жеңиш Байсульдаев, жергиликтүү тургундар катышкан.
Ошондой эле аталарынын сүрөтүн көтөрүп келген Зина Куцаева жана башка эрдиктерди эскеришти. Салтанатта маданият кызматкерлери жана окуучулар өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
