Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Бүгүн, 13-майда Шамалды-Сай шаарында жүк ташыган 2 унаа сүзүшүп, 1 адам мерт болуп, 2 киши бейтапканага жеткирилди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына күбөлөр билдирди.
Маалыматка караганда, кырсык таңкы 4:30 чамасында болгон. Чет өлкөнүн номери тагылган, оор жүк ташуучу «DAF» үлгүсүндөгү унаа менен «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унаа кагышкан.
«Мерседестин бортунда мал жүктөлгөн экен. Менимче алар Мадания айылындагы мал базарга бара жаткан сыяктуу. Себеби ар аптанын шейшемби күнү аталган айылда мал базар иштейт. Эки унаа бет маңдай сүзүшкөн. Себеби жолдун баары канга боёлуп малдын да адамдын да өлүгү жатыптыр. Башка жүргүнчүлөр жаракат алган 2 кишини жана 1 кишинин жансыз денесин башка унаага салып, Кочкор-Атага бейтапканага алып кетишти», – деди күбөлөрдүн бири.
Кочкор-Ата аймактык бейтапканасынан жаракат алган бейтаптар Аксы районунун тургундары экенин билдирди.
«13-майда саат 04:35те биздин бейтапкананын хирургия бөлүмүнө жол кырсыгына кабылган 2 адамды алып келишкен. Аксы районунун Авлетим айылынын 1995-жылы туулган тургуну Б.А.нын мээси чайкалып, бел омурткасы сынган.
Аксы районунун Жерге-Тал айылынын 1994-жылы туулган тургуну С. уулу Э. Башынан катуу жаракат алган.
Бул эки адам бирге 1 эркек кишинин жансыз денеси келди. Ал ошол замат мейитканага киргизилип, күч түзүмдөрүнө өткөрүлүп берилди», – деди башкы дарыгер Айжамила Мамасадыкова.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
