Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Талас облусунун аймагында 114 орто мектепте акыркы коңгуроо иш-чарасы өтүп жатат. Бул тууралуу Талас облустук усулдук билим берүү борборунун жетекчиси Салтанат Бейшенова билдирди.
Анын айтымында, Таласта быйыл 2991 бүтүрүүчү бар.
«Талас облусунун аймагында 11-классты 2991 бүтүрүүчү, ал эми 9-классты 5572 окуучу аяктап жатат. Мектеп окуучуларына, бүтүрүүчүлөргө ар кандай оюн-зоок иш-чараларын уюштурууга, кечинде коштошуу кечелерин уюштуруу болбойт экендиги тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Экскурсия кылып жаратылышка чыгууга дагы тыюу салынган», – деди ал.
- Бүгүнкү күнү облус аймагында 400дөн ашык милиция жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.
23-майда Талас ОИИБдин кызматкерлери жумуштарын мектептерден башташкан.
Маалыматка караганда, алар бүтүрүүчү класстардын окуучулары менен жолугуп, профилактикалык иштерди жүргүзүшкөн. Акыркы коңгуроо салтанаттарын билим берүү мекемелеринен сырткары жерлерде уюштурууга тыюу салынганын эскертишкен.
Облус аймагында 23-майдан тартып 30-майга чейин милиция күнү-түнү тынымсыз рейддерди уюштурат. Жаратылышы кооз аймактардын кире бериштерине посттор коюлуп, графиктин негизинде кызматкерлер кызмат өтөшөт. Мектеп бүтүүрүчүлөрүнө кафе-ресторандарда, түнкү клубдарда, жаратылышта көңүл ачууга, автоунаалардын коштоосунда көчө кыдырууга тыюу салынган. Эгерде тартип бузуулар орун алса мыйзам чегинде жоопкерчилиги караларын айтышкан.
«Көрүлүп жаткан чаралардын бардыгы жаш өспүрүмдөр арасындагы кырсыктардын алдын алуу болуп саналат. Ошондуктан урматтуу бүтүрүүчүлөр коюлган талаптарды так аткарып, тартип бузбоого чакырабыз», – деп айтылган.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
