Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Талас районунун Жон-Арык айылынын А.Нуржанов атындагы орто мектебинин мугалимдери Нуриза Качкеева, Бекболот Жакыпбеков, Муса Арыкбаев, Элнура Өзүбековалар «Санарип академия» уюштурган онлайн сабактарга катышып, Дубайга эс алып келүүгө жолдомо алышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга алардын кесиптештери билдиришти.
Маалыматка караганда, мугалимдер Дубайга мугалимдер декабрь айында барышат.
«Биз атайын онлайн сабактарына катышып турдук. Талас облусунан 5 мугалим жолдомо алдык. Анын төртөө биздин мектептен болду. Бул мугалимдерге чоң мотивация», – деди алар.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды