Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Таласта Арзымат байдын Кашгардан уста чакырып салдырган күмбөзү урап жатат
Янгиликлар

Таласта Арзымат байдын Кашгардан уста чакырып салдырган күмбөзү урап жатат

Май 7, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — XIX-кылымдын аягында жана XX-кылымдын башында Арзымат бай атасына арнап Кашгардан усталарды алып келип тургузган күмбөз учурда жылдан жылга эскирип, начар абалда калууда. Бул тууралуу эколог Гамал Соронкулов билдирди.

Тарыхый баалуулукка ээ болгон бул күмбөз Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Бакай-Ата айылынын жогорку жагында жайгашкан.

«Нечен жылдан бери бийликтин өкүлдөрүнө кайрылып келе жатабыз. Бирок алган жоопторубуз, негизинен, төмөндөгүдөй сооротмо убадалар менен чектелет: “Жакын арада оңдоп-түзөө иштерин баштайбыз”, “Реставрация иштери жакында башталат”, “Баланча тизмеге кирди” жана башка ушу сыяктуу.

Бул күмбөз өзгөчө тарыхый баалуулукка ээ жай. Анын жасалышы өзүнчө эле керемет. Ар бири кышы эчкинин майына жуурулуп, бышырылып жасалган.  Мындай архитектуралык объекттер өрөөндөрдө өтө аз кездешет. Ошондуктан, бул маселеге бийлик көңүл буруп, мындай тарыхый мурастарды сактап калууга аракет кылыш керек», – деди эколог Гамал Соронкулов.

2017-жылы Turmush басылмасы XX кылымдын башында Таласта жашап өткөн Арзымат бай өзүнүн атасы Күзөк ажыга курдурткан күмбөзү тууралуу жазган.

Бакай-Ата районундагы журналист Жоомарт Бейшеналиевдин айтымында, Арзымат бай совет бийлиги келген учурда кулакка тартылып кеткен. 1929-1930-жылдары совет өкмөтү күчүнө келип, жер-жерлерде эл арасын бай-манаптардан, колхоз душмандарынан тазалоону баштаган. Талас ичинде өздөрүнүн мал-мүлкүн колхозго ыктыяры менен өткөрүп берүүдөн баш тартышкан 12 бай ата-бабасы билбеген Орусиянын Оренбург деген жерине кулак катары айдалышкан. Калгандары өз эли-жеринде кармалып, атылып жок кылынган.

Ошолордун бири Арзымат бай Күмүштактан кармалып, абакка кетмек болот. Аны алып келүү тапшырмасы комсомол Сыдык дегенге тапшырылат. Ошо кезде жаңы өкмөткө жан дили менен берилип кызмат кылган жаш комсомол жигит алдына салып айдап алып келе жатканда Арзымат бай: «Балам намаз убагы болуп калды, намазымды окуп алайын», – деп атынан түшүп, намаз окуйт.

Аттанарда бай Сыдыктын жөн-жайын сурап: «Аттын канжыгасында байланып турган жез чайнектин эртеби-кечпи сага пайдасы тиет, ошону алып кал балам», – дейт. Бирок Сыдык чайнекти совет өкмөтүнө өткөрүп берет. Көрсө ал чайнектин түбүндө 2 кг жакын уютулган алтын болуптур.

Арзымат бай кулакка тартыла электе 1913-жылы атасы Күзөк ажыга Күмүштактын оозунда салдырган күмбөзү азыр да сакталып турат.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleАсия Кара-Жыгачтан үй сатып алуу үчүн 2,6 млн сом берип, бирок алданып калган
Next Article Унутулуп бара жаткан кыргыз тамагынын жасалуу жолу

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.