Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Таласта акыркы коңгуроого байланыштуу 20 пост коюлду. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн, 26-майда Талас облусундагы 114 мектепте акыркы коңгуроо салтанаты белгиленди.
Бардык билим берүү мекемелерине милиция кызматкерлери бөлүнүп, коомдук тартипти көзөмөлгө алышты. Облус аймагындагы бүтүрүү кечелеринде одоно тартип бузуулар катталган жок.
Азыркы учурга карата Талас облусунун аймагына 20 пост коюлуп, кызматкерлер кызмат өтөшүүдө. Көрүлүп жаткан чаралардын бардыгы жаш өспүрүмдөр арасындагы түрдүү кырсыктардын алдын алуу максатын көздөйт.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды