Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Талас шаарында жайгашкан базарда жергиликтүү дыйкандардын кулпунайлары сатыкка чыкты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга соодагерлер билдирди.
Алардын айтымында, быйыл кулпунай айдаган дыйкандар көп болгондуктан, кулпунайдын баасы дагы чөнтөккө ыңгайлуу сатылып жатат.
«Быйылкы жылы жергиликтүү кулпунайлар 1 апта мурун сатыкка чыга баштаган. Анын 1 кг баасы 200-220 сомдон сатылууда. Былтыр жаңы чыкканда 400 сомдон сатылып баштаган. Быйыл түшүм дагы жакшы болду. Түркүн сорттогу көлөмү чоң кулпунайлар көбөйдү. Бышканы бышкандай сатылып жаткан үчүн даамы дагы ширин», – деп билдиришти алар.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
