Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Птенцы курганника
// Turmush
Turmush — Талас районунун Манас айылындагы Чырканак өзөнүнүн Чолок-Көктө сайынан жапайы жаман сары кушунун балапандары табылды.
Аларды жергиликтүү тургун Нурсултан Токтогазиев таап алып, Талас регионалдык экологиялык башкармалыгынын аңчы инспекторлоруна өткөрүп берди. Адистер балапандарды текшерип, аларга убагында кам көрүлүшү үчүн Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жайгашкан «Бугу эне» реабилитациялык борборуна жеткирүү чечимин кабыл алышты.
Экологдордун айтымында, жаман сары кушу Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген сейрек кездешүүчү жапайы канаттуулардын бири болуп саналат. Бул куштун балапандарын табуу жана аларды сактап калуу — биологиялык ар түрдүүлүктү коргоого багытталган маанилүү кадам.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
