Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Таластык Зарылбүбү Өмүралиева Москвада маданий иш-чараларын уюштуруп, мекендештерге жардам берип келет
Янгиликлар

Таластык Зарылбүбү Өмүралиева Москвада маданий иш-чараларын уюштуруп, мекендештерге жардам берип келет

Май 4, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Москва шаарында жашаган 59 жаштагы Зарылбүбү Өмүралиева — кыргыз диаспорасынын активдүү өкүлү. Ал жергиликтүү мекендештерди бириктирген түрдүү маданий иш-чараларды уюштуруп келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышып, маек курду.

Зарылбүбү айым Талас облусунун Айтматов (мурдагы Киров) районундагы Бакыян айылында төрөлгөн. Акын, бир нече ыр жыйнактардын автору, «Мигранттар поэзиясынын антологиясы» жана «Элегия» аттуу мигрант акындардын ыр жыйнактарынын түзүүчүсү. Ошондой эле жарандык активист катары да белгилүү.

«1983-1988-жылдары В.Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунун (азыркы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети) чет тилдер факультетин аяктагам. 2008-жылдан бери Москвада жашайм. Башында соода тармагында иштеп, 2017-жылдан бери “М Булак” ЖЧКсында кыргыз тили бөлүмүндө редактор жана котормочу болуп эмгектенип келем», – дейт Зарылбүбү айым.

Ал үй-бүлөдө 1 уулдун энеси. Жолдошу менен көп жыл мурун эки башка жолго түшкөн.

«Чет жерде эл-жерге болгон сагынычтан улам мекендештер арасында маданий иштерди жайылтууга түрткү берди окшойт. Ошол себептен апалар тобун түзгөнбүз. Москвада Кыргыз маданий борбору бар, негиздөөчүсү — Гүлшайыр Мурзабаева. 15 жылдан бери кеңешчи катары колдоо көрсөтүп, ар кандай долбоорлорду ишке ашырууга колдоо көрсөтүп келем. Биз “Сармерден”, “Ыр кесе”, “Шайыр апалар”, “Эл ичи — өнөр кенчи”, “Таланттуу үй-бүлө” сыяктуу долбоорлорду Москвада жана башка шаарларда жайылтып келебиз. Мен бул долбоорлордун калыстар тобунун жетекчисимин. Краснодар шаарында “Ыр кесе” (2018-жыл), Мурманск шаарында “Кыргыз жазы” фестивалын (2023-жыл) өткөрдүк. Москвадагы аракеттерибизди көрүп шыктанышып, башка шаарларда да ушул сыяктуу иш-чаралар уюштурулуп жатат», – дейт ал.

Зарылбүбү айым кыргыз маданиятын таанытуу үчүн башка улут өкүлдөрү менен да кызматташып, көргөзмөлөргө, коомдук иш-чараларга активдүү катышып жүрөт. Улуттук кийимдерди кийген кыргыздар азыр көчөдө, метродо чет элдиктердин кызыгуусун жаратып келет.

«”Шайыр апалар” топторун түзгөндө, (7 топ бар) аларды сахнада кантип өзүн алып жүрүү маданиятын 1-класстын окуучуларындай эле окуткан күндөр болду. Мекенге болгон кусалыкпы, айтор жарыя берилгенде эле абдан колдошуп, ар кайсы облус, район коомдорунан “Шайыр апалар” топтору түзүлдү. Өнөр үйрөнүүгө эч качан кеч эмес экендигин, алды 70ке таяп калган апалар тастыктап, аз убакыт ичинде комуз курсуна жазылышып, сахнага күү чертип чыгышканы көрүүчүлөрду таң калтырса, биз сыймыктандык.

Жыйынтыгында 60тан ашык апалар Кремлдин чоң сарайында “Эл достугу” аттуу дүйнөлүк жылдыздар катышкан концертте Апаз Жайнаковдун “Кыргыз жери” деген даңазалуу ыры менен сахнага чыгышты.

Азыр жеке ырчы болуп кеткендери да көп. Мен коомдук активист катары азыркы күнгө чейин мекендештерге жардам берип келем. РФдагы элчилигинин кызматкерлери, КРнын эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин өкүлчүлүгү менен тыгыз байланыштабыз. Мекендештерге жарандык-укуктук маселелер боюнча маалыматтарды берип, жеке кайрылган инсандарга көп көмөк көрсөтөбүз. Жаш калемгерлерге акын катары жол көрсөтүп, кээ бир адамдар биздин эмгектин натыйжасында журналист болуп кеткендер да жок эмес. Турмушта адашкан жаштарды туура жолго багытоо, жумуш таап берүү жаатында да көп иштерди аткарам. Мекендештерге көрсөткөн жардамдар жөнүндө жаза келсек барак түтпөйт. Кайрылган адамдардын бирин дагы жардамсыз калтыра элекмин.

Бала кезден үйдөн алган тарбия, андан соң тамга тааныган мектептеги билим, ЖОЖдогу активдүү иштер — мунун баары адамдык калыптануумда чоң роль ойноду. Чыгармачыл адам катары кээде “эч нерсеге аралашпай, тынч жашайын” деген ой келет. Бирок эл, коом дегенде кайра эле күнү-түнү чуркап, билгениңди бөлүшүп, колдон келген жардамыңды аябай, колдоо көрсөтүп каласың. Жеке иштерден да көбүнчө коом үчүн убакыт, каражат жана энергия кетип жатат», – деди ал.

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleПанфилов районунда оруктун ардагери Рысбү Жээналиева дүйнө салды
Next Article Баткендин эң ысык аймагында өрүк бышып, сатыкка чыга баштады

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.