Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » » Талгар Замирбеков телефон менен тасмаларды тартып, кинофестивалдарга катышууда
Янгиликлар

» Талгар Замирбеков телефон менен тасмаларды тартып, кинофестивалдарга катышууда

Май 25, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы – Талгар Замир-Сеит (Толук аты Талгар Замирбеков), учурда Камчатка жарым аралындагы Коряк округунун Палана шаарында жашап жатат.

Ал жерде ал «КорякФильм» аттуу чыгармачылык бирикмени негиздеп, Падандын орто мектебинде киноискусство боюнча сабак берип, колледжде киноклуб түзгөн.

Ал 1999-жылы Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда төрөлгөн. Бишкек шаарындагы А.Каниметов атындагы гимназия-интернатта окуган. Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин Акира Куросава атындагы кино кафедрасын, Шамиль Жапаровдун чыгармачылык студиясын бүтүргөн. Кесиби — кино режиссеру жана педагог. 2023-жылы Камчатка жарым аралына көчүп кеткен.

«Совет Союзу урагандан кийин агам бул катаал, бирок кооз Камчатка аймагына — Тигиль жана Палана айылдарына келген. Ал ошол жакта жашап калды. Анын окуялары ушул жерди өз көзүм менен көрүү, бул жердин абасын жутуу кыялын ойготту. 2023-жылы күнөстүү Кыргызстанды таштап, Паланага учуп келдим. Камчатка мени кооз пейзаждар менен тосуп алды: түбөлүк жашоону эске салган чексиз тундра. Бул жерде жүрөгүм башкача согуп, калууга чечим кабыл алдым. Ушул жерде менин жашоомдун кино тасмага окшогон жаңы барагы башталды. Ушул жерде мен жаш, таланттуу коряк жазуучусу Кирилл Косыгин менен тааныштым. Экөөбүз тобокелге салып, коряк маданиятынын духу менен сугарылган “Акыркы поэма” аттуу нуар жанрындагы алгачкы эксперименталдык тасманы тарттык. Фильмди тартуу оңой болгон жок, бирок жыйынтыгы аракетибизди актады. “Акыркы Поэманын” премьерасы Камчаткада өтүп, андан кийин Японияда жана менин туулуп-өскөн жерим Кыргызстанда көрсөтүлдү. Азыр бул тасма Азиядагы Сингапур сыяктуу өлкөлөрдө өтүп жаткан кинофестивалдарда көрсөтүлүүдө. Бул биздин кино жолунун башталышы гана деп ишенем. Ошондон кийин “Корякфильм” чыгармачылык бирикмесин негиздеп, мектепте киноискусство боюнча сабак бере баштадым. Окуучуларымдын тасмалары да эл аралык кинофестивалдарда ийгиликке жетишүүдө», – деди ал.

Талгар Замирбеков көчүп келгенден кийин кыйынчылыктар болгонун белгиледи.

«Эң биринчи маселе — мен Кыргызстандын жараны болгондугум. Мамлекеттик мекемелерде иштөө, кино тартуу оңой эмес, анткени сен бул жакта бөтөн адамсың. Бирок дал ушул кыйынчылыктар мага күч, дем жана илхам берип, кыргыз элинин сулуулугун, тарбиясын көрсөтүүгө түрткү болду. Палана шаарында жалгыз кыргызмын. Кыргызстандан устатым Шамиль Жапаров учуп кеткенде, ал мага “Кыргыз элинин татыктуу уулу бол” деп бата берген. Бул сөз мен үчүн чоң мааниге ээ. Ар бир кадамда ошол сөздү эстейм.

Кыргызстанда жүргөндө көптөгөн белгилүү кыргыз режиссерлору менен чогуу иштешкем. Камчаткада болсо «Омакан – традиции и современность вместе» аттуу форумда автордук кино жана заманбап кыргыз кинематографиясы тууралуу баяндама жасадым. Палана шаарындагы «Окуучулук жылдар» (Школьные годы) балдар жана жаштар чыгармачылык борборунда да иштегем», – деди ал.

Кийинчерээк Камчатка крайынын Маданият министрлиги менен Коряк округундагы Кабалевский атындагы искусство мектеби биргеликте тасма тартууга сунуш беришкен. 2024-жылдын башында «Кабалевский» аттуу тасманы тартышкан.

«Москва кинофестивалында менин ишим көрсөтүлгөндөн кийин: “Демек, эми кыргыздардын өз Тарковскийи бар экен” деген сөз жүрөгүмө тийди. Бул салыштырууну чоң сыймык катары кабыл алам, бирок мен өзүмдү — дүйнөгө болгон көз карашымды, жан дүйнөмдүн бир бөлүгүн экран аркылуу чын ыкластан жеткирүүгө умтулган чыгармачыл адам катары көрөм.

“Акыркы Поэма” мен үчүн жаңы этаптын башталышы болду. Канн кино базарында ийгиликтүү көрсөтүлдү, “ММКФ “МЫ” фестивалынын финалында, Сочидеги кинофестивалда “Эң мыкты дебют” сыйлыгын алды, дүйнөлүк аянтчаларда көрсөтүлдү. Бирок эң баалуусу – Кыргызстандын Кино департаментинен ардак грамота, Палана шаарынын маданиятына кошкон салымым үчүн диплом алдым», – деди ал.

Учурда Талгар жаңы кинонун үстүнөн иштеп жатат. «Акылдын түшү» (Сон Разума) — мистикалык, нуар жанрындагы драма. Ал башка адамдардын түштөрү жазылган табышмактуу кассеталарды тапкан кыз жөнүндө. Ал ар бир түш аркылуу башка адамдардын коркунучтары менен сырларына күбө болот жана акырында өз жашоосу да бирөөнүн түшүнөн куралганын түшүнө баштайт. Бул фильм көрүүчүлөрдү аң-сезимдин татаал катмарларына жетелеп, түш менен чындыктын ортосундагы чек араны суроого алат.

«Бул жерде менде бош убакыт дээрлик жок. Кино жаратуу өтө оор, бирок абдан кызыктуу. Айрыкча артыңда команда жок болгондо – сен өзүң режиссер, сценарист, оператор, сүрөтчү болгондо – ар бир фильм баатырдыкка тете болот. Азыр да мен тасмаларды жөнөкөй телефон менен тартып жатам. Кыргызстанда 2019-жылы башталган үч бөлүктүү тасмам 2024-жылы Камчаткада гана соңуна чыкты. “Бегущий в тишине” (2021), “Пилигрим” (2023), “Последняя поэма” (2024) – бул үч тасма бир философия менен бириктирилген. Пландарыма ылайык, Кыргызстан жөнүндө дүйнөгө дагы кеңири айтып берүүнү максат кылып жатам. Кыргыз киносу кайрадан бийиктиктерге чыгып, искусство аркылуу достукту курууда. Мекенимди сагындым. Мындан ары сабак берүү, кыска аңгемелерди жазуу жана фильм тартууну улантам», – деп кошумчалады Талгар Замир-Сеит.

Тарткан кинолору:

«Долгий путь» 2018 (Кыргызстан);

«Семья» 2021 (Кыргызстан);

«Бегущий в тишине» 2022 (Кыргызстан);

«Пилигрим» 2023 (Кыргызстан);

«Последняя Поэма» 2024 (Кыргызстан, РФ, Япония);

«Кабалевский» 2025 (Кыргызстан, Камчатка);

«Стебницкий» 2025 (Кыргызстан, Камчатка);

«Сон Разума» 2025 (Кыргызстан, Камчатка, Япония, Узбекистан).

Нуар стили — бул кинодо жана адабиятта колдонулган атмосфералуу, караңгылыкка жана психологиялык татаалдыктарга бай жанр. “Нуар” — французча “караңгы” же “кара” дегенди билдирет. Ошондой эле, сырдуу, эмоционалдуу жана кээде философиялык мааниси терең болгон көркөм жанр, ал көрүүчүнү ойлонууга жана сезүүгө түртөт.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous Article«Жети-Өгүз» курортун капиталдык оңдоп-түздөө иштери аяктоо алдында турат
Next Article Бишкекте милиция кызматкери табелдик куралын жоготуп алды

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.