Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Ак-Терек айылынын 61 жаштагы тургуну Назгүл Бектенова багбанчылык менен 20 жылдан бери алектенет. Аны менен Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маек курду.
Назгүл Бектенова Кара-Балта шаарында туулуп өскөн. Кара-Балта шаарындагы медициналык окуу жайды кызыл диплом менен бүтүрүп, медициналык институтка өткөн. Кийин санитардык дарыгер болуп иштеген.
«2004-жылдан баштап, 20 жылдан бери жер иштетүү менен алектенебиз. Мен мурун Бишкекте батирде жашачумун, кийин Новопокровкага жер үйгө көчкөндө жер менен иштеп баштадым. Ага чейин кандай өстүрүп, эмне кылыш керек экенин такыр билчү эмесмин. Орус кошуна аял бар болчу ал гүл өстүрүп, Бишкекке сатчу. Ошондон кызыгып, кантип помидорду, бадыраңды, гүлдөрдү, арбуз, семечка баарын кандай багып, отургузуу керек экенин үйрөндүм. Кошуна орус аялдын салымы чоң, мугалим болуп баарын мага үйрөткөн, ыраазымын», – деди Назгүл айым.
Учурда пенсияга чыкканына байланыштуу кошумча каражат табууну чечкен.
«Балким пенсиям жакшы болгондо бир гана өзүмдүн хоббим жана саякаттоо менен алектенмекмин. Бирок жашоо ушунусу менен кызыктуу экен. Аракет кылып жатып Ысык-Көлдөгү кичинекей үйүбүздү чоңойтуп, корообузга боз үй салып, эс алганы келген элдерди тосо баштадык. Андан сырткары өрүк, карагат өстүрүп жатам. Өрүк баасы арзан болуп, көпкө турбайт муздаткычка салбаса бат эле эзилип агып калат. Мурун аз болчу кийин өрүк көбөйдү. Бирок аны иштетип чыгара турчу бизде завод, цехтер жок. Жаш болбосом өрүктү кантип чогултам? Ал үчүн бакка чыгыш керек, кутуга салып көтөрүш керек, ошого оорураак болуп калды. Ага караганда карагат жеңилирээк болот экен. Көпкө чейин сакталат, түшпөйт, жерге эле отуруп чогултсаң болот», – дейт ал.
Назгүл айымдын хоббиси жана идеялары көп.
«Учурда гүлдөрдү, кооз декортивдүү талдарды өстүрүп жатам. Негизи ойлочумун ландшафттык дизайн, флористика менен иштейм деп, бирок убакыт болгон жок. Жерди чукулап, гүлдү өстүрсөң маанайыңда көтөрүлөт, ден соолукка дагы жакшы физикалык көнүгүү дагы болот экен.
Новопокровкадагы үйүбүздө сонун ландшафттык дизайн бар. Башында гүл өстүрүп көбөйгөндө кошуналарга алгылачы десем алчу эмес, ыргытууга туура келчү жүрөгүм ооручу. Кантип сатам деп сатуудан уялчумун. Көбөйгөндөн кийин казып арзан баада дүңүнөн сата баштадым. Ошентип Ысык-Көлгө келип, карагат өстүрүп калдым. Бирок башында аябай кыйналдым. Жерди тебип отургузуп, интернеттен баарын көрүп чыктым изилдеп. Башында тамчылатып сугарчумун. Карагатты катары менен отургузуп, ортосуна чөп өспөсүн деп “клеёнка” менен жапчумун. Анткени чөптү отогондо менин аллергиям бар. Биздин айылда тамчылатып сугарууну эч ким кылчу эмес. Мен биринчи кылгам эң үнөмдүү, үйдө жок болсоң да кургап калбайт. Түтүк менен сугарганда ары бери кетип тамырына жетпейт. Элдер билбей суу көп кетет экен деп ойлочу да, бирок ал тамчылап эле тамырына барат.
Карагат жөнүндө айтсам башка өсүмдүктөрдөн айырмасы суукка чыдамкай, суу деле көп ичпейт. Жакшы караса 1,5 айга чейин туруп берет, баасы да жакшы. Башында биринчи түшүмдөр 1 кг 150 сомдон кеткен, августта 1 кг карагат 280 сомго чейин сатылган. Мисалы өрүктөр суук түшсө Баткенде, Ошто үшүп калат, бирок көлдө суук анча көп түшпөгөндүктөн баасы аябай бийик болот экенин байкадым. Өрүк көп болсо баасын азайтып салышат. Азыр көлдө өрүктөр толтура ошону иштетүүнүн планы жок.
Азыр эми элдер карагатты аябай көп отургузуп башташты. Алар деле 3-4 жылдан кийин чоңоет көп болот, бирок баякы эле сбыт жок. Сбытты ойлонуш керек. Айыл чарба министирлиги пландаштыруу кылып, элдерге сабак берип айтыш керек. Кайсы райондо, кайсы өсүмдүк жакшы өсөөрүн түшүндүрүш керек. Биз баарыбыз өстүрүп алабыз анан каякка сатабыз деп ойлонобуз. Элдер өзүлөрү аракет кылат, башка жардам жок», – деди ал.
Каарманыбыз үйүнүн планын да өзү чийген.
«Мындан сырткары, үйлөрдүн дизайнын жасаган, флористика, ландшафттык дизайн жагат. Өзүмдүн үйүмдүн планын өзүм кылгам. Сурагандарга консультация берем. Короону кооздогонду аябай жакшы көрөм. Таштар менен иштеп, бассейн куруп жана очокту таш менен одделка кылдым. Гүлдөрдөн экспозиция кылам, кийим тигем, кийим токуйм. Чөптөрдү чогултам, кургатып чай кылып ичем. Быйыл конок тосууну (гостевой дом) ачып баштадым. Ошону өнүктүрүп жакшы шарттарды түзүүнү пландап жатам.
Ысык-Көлдүн жээгинде жашайбыз, бирок элдер көлгө түшпөйт пайдасын билбейт, көр оокат менен алек. Мен көп түшөм, кышында дагы түшөм, ошого ден соолугум чың, көбү кышында түшүүдөн коркот.
Жайында көлдүн тегерегин булгагандар жүрөктү оорутат. Ошолор түшкөндөн кийин тазалап кетишсе сонун болмок.
Өзүм дарыгер болгондуктан келечектеги максатым — 2,3 жыл айылда жашап аялдардын турмушун көрүп жүрөк ооруйт экен. Аялдарга кандай жашаш керек, кандай чөкпөй ден соолукту караш керек, ошол багытта жардам бергим келет», – деди ал.
Ал 1 уул, 1 кыздын, 3 неберенин апасы.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
