Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – 5-майда саат 04:20да кыргыз-тажик чек арасына жакын жерде күчү 4 баллга жакын жер титирөө катталды.
Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогу Тажикстандын аймагында, Кара-Тейит айылынан 25 чакырым түштүк-батышта, Карамыктан 26 чакырым түштүк-батышта, Шибээден 30 чакырым түштүк-батышта жайгашкан.
Кыргызстандын калктуу конуштарында жер титирөөнүн күчү: Кара-Тейит, Карамык, Шибээ айылдарында – 3 баллга жакын сезилген.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
