Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Тажикстандын бийлиги Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине Жеңиштин 80 жылдыгына карата 50 миң сомони (4810 доллар) берүүнү чечти. Каражат өлкө президентинин резервдик фондунан бөлүнөт, деп билдирет «Азия-плюс».
Мындан тышкары Дүйшөмбү шаарында жашаган ардагерлер жана согушта майып болгон жарандар 25 миң сомони (2405 доллар) алышат.
Бүгүнкү күндө Тажикстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 17 ардагери жашап жатат. Алардын экөө Дүйшөмбү шаарында, сегизи Хатлон облусунда, экөө Согди облусунда, бешөө райондордо жашайт.
1941-жылы Тажик ССРи фронтко 300 миңден ашуун адамды жөнөткөн. Бул республиканын калкынын (1,5 млн адам) 20%ын түзгөн. Алардын жүз миңге жакыны каза болуп же дайынсыз жоголсо, 65 жаран Советтер Союзунун Баатыры наамына татыктуу болгон.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
									 
					