Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Бүгүн, 18-майда Бишкекке Тажикстандын парламенттик делегациясын төрага Файзали Идизода жетектеп келди.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, тажик делегациясын Жогорку Кеңеш төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев тосуп алды.
Коноктор 19-майда Бишкекте өтө турган Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Парламенттик ассамблеясынын кеңешинин көчмө жыйынына катышат.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
