Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – 7-майда Түркияда Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттердин жогорку сотторунун конференциясынын статутуна кол коюу аземи өттү. Эл аралык иш-чарада КРнын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Нургүл Бакирова чыгып сөз сүйлөгөнүн Жогорку соттун басма сөз кызматы маалымдады.
Кыргыз делегациясынын курамында Жогорку соттун судьясы Инара Гилязетдинова, Бишкек шаардык сотунун судьясы Элмира Барыктабасова, Чүй облустук сотунун судьясы Галина Шин жана Жогорку соттун төрагасынын жардамчысы Жыргалбек Жаныбеков болгон.
Конференция Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстандын жогорку сот органдарын бириктирген. Статуттун долбоорун Түркиянын Кассациялык соту демилгелеген. Конференция кеңеш берүүчү орган катары түзүлүп, адилеттүүлүк чөйрөсүндө өз ара түшүнүшүүнү, тилектештикти жана мыкты соттук практикаларды алмашууну өнүктүрүүгө багытталган.
Ошондой эле, соттук процесстердин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган биргелешкен долбоорлорду, илимий изилдөөлөрдү жана иш-чараларды өткөрүү каралган, алардын ичинде заманбап санариптик чечимдерди жана жасалма интеллект технологияларын колдонуу да бар.
Ушул сыяктуу кийинки эл аралык жыйын 2026-жылы Казакстанда өткөрүлө тургандыгы кошумчаланды.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
