Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Тоң районунда спорт менен достукту даңазалаган «Ысык-Көл Ынтымак оюндары» салтанаттуу түрдө башталды, деп билдирет аймактык кабарчы.
Маалыматка караганда, бул оюндар кадимки эле спорттук таймаш эмес, бул — эл арасындагы ынтымакты чыңдоо, жаш муундарды сергек жашоого үндөө жана улуттук спорттун кадыр-баркын көтөрүү максатын көздөйт.
Уюштуруучулардын айтымында, оюндардын негизги максаттарынын бири — спорт аркылуу биримдикке жол ачуу, маданий жана достук байланышты бекемдөө. Бул оюндарга Кыргызстандын бардык булуң-бурчтарынан келген командалар гана эмес, коңшу Казакстан Республикасынан атайын чакырылган кыздар командалары да активдүү катышууда. Жалпы жонунан 105 команда ат салышып, волейбол жана футбол боюнча мелдешүүдө.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
									 
					