Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Чүй облусунун Токмок шаарындагы Манап бийдин эстелигинин айланасына коюлган сугат суу системасын бир күндөн кийин талкалап кетишти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдиришти.
Ал эми Токмок шаардык ишканалар комбинаты белгисиз жарандар тарабынан талкаланган сугат суу системасын кайрадан калыбына келтирип, иштетишти.
«Айлананы көрктөндүрүү максатында 58 даана сугат суу системасы орнотулган. 15-май күнү орнотсок, 16-май күнү талкалап кетишкени аныкталды. Ошол 58 даананы тең жараксыз кылып кетишкен. Кайра башынан оңдоп, ишке киргизип койдук.
Жарандардан суранабыз шаар баарыбыздыкы! Ар бир жасалган эмгекти баалап, шаардын ар бир жасалгасына, буюмуна аяр мамиле жасасак», – деп айтылат маалыматта.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
