Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Чүй облусунун Токмок шаарындагы С. Ибраимов атындагы борбордук аянтта Улуу Жеңиш күнүнө арналган салтанаттуу иш-чаралар болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарадагы эң таасирдүү учурлардын бири — “Өлбөс полк” жүрүшү болду. Шаар тургундары өз ата-бабаларынын сүрөттөрүн көтөрүп чыгышып, тынчтык үчүн жанын берген жана согуштан аман кайтып келген баатырларды эскеришти.
Майрамдык маанайды жергиликтүү ырчылар, чыгармачыл жана бий топтору улантышты. Сахнадан патриоттук жана Жеңиш жөнүндө ырлар жаңырып, ардагерлерге терең ыраазычылык билдирилди.
Аянтта талаа ашканасы иштеп, келгендер аскер боткосун жана компот ичип, ошол оор күндөрдү элестетип турушту.
Бул күн ар түрдүү муундарды бириктирип, Жеңишке болгон сый-урматтын жана эскерүүнүн символуна айланды.
Жамгырлуу аба ырайына карабастан, токмоктуктар борбордук аянтта кечки концертке катышып, майрамдык маанайда бирге көңүл ачышты. Элдин маанайын жамгыр да бузган жок — шаардыктар бийлеп, ырдап, Жеңиш майрамын чогуу тосушту.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
