Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – АКШнын президенти Дональд Трамп Россия менен Украинанын ортосунда туткун алмашуу орун алганын билдирди.
«Россия менен Украинанын ортосунда ири туткун алмашуу аяктады. Жакында ишке кирет. Эки тарапты тең бул сүйлөшүүлөр менен куттуктайм. Бул дагы бир нерсеге алып келиши мүмкүнбү?» – деп жазган Трамп «Truth Social» социалдык тармагындагы баракчасында.
«Hromadske» жана «РБК-Украина» басылмаларынын булактары билдиргендей, аскер туткундарынын ири алмашуу процесси дагы деле уланууда.
Буга чейин Россия менен Украина алмашуу үчүн аскер туткундарынын тизмесин алмашкан. Мамлекеттик Думанын депутаты, аскердик операция маселелери боюнча парламенттик координациялык топтун өкүлү Шамсаил Саралиев мындай алмашууну бир күндө техникалык жактан ишке ашыруу кыйын экенин, ошондуктан өткөрүп берүү процесси бир нече күнгө созуларын айткан. Алмашуу качан болору айтылган эмес.
Россиянын Коомдук палатасынын суверенитет маселелери боюнча комиссиясынын төрагасы Владимир Рогов Telegram-каналында алмашуу 3 күн — 23-майдан 25-майга чейин созуларын билдирди. Анын айтымында, 23-майда алмашуунун биринчи баскычы менен эки тарап тең 300дөн адам өткөрүп беришет. Рогов өз маалыматтарынын булагын көрсөткөн эмес.
«1000ге 1000» формуласы боюнча алмашуу жүргүзүү боюнча макулдашууга 16-майда Стамбулда болгон 3 тараптуу жолугушуунун жыйынтыгында жетишилген.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
