Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – АКШнын президенти Дональд Трамп Түркияда өтө турган Россия менен Украинанын сүйлөшүүлөрүнө барбайт, деп билдирди «Reuters» агенттиги америкалык аткаминерге таянуу менен.
Буга чейин Трамп жолугушууга келиши мүмкүн экенин айткан. Учурда Трамп Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө болгон сапарда жүрөт, сапар 15-майда Бириккен Араб Эмираттарында аякташы керек.
Трамп бейшемби күнү анын бош эмес экенин белгилеп, бирок зарыл болсо «өмүрлөрдү сактап калуу» үчүн графигин өзгөртүүгө даяр экенин айткан.
Анын Украина боюнча атайын өкүлү Кит Келлог Трамп Стамбулга сүйлөшүүлөргө Владимир Путин келсе барарын билдирген.
Түркияда 15-майда Россия менен Украинанын түз сүйлөшүүлөрү өтүшү күтүлүүдө. Владимир Путин кол койгон документке ылайык, сүйлөшүүгө бара турган топтун курамында өзү жок экени белгилүү болду. Топту анын жардамчысы Владимир Мединский жетектейт.
«Reuters» агенттигинин маалыматы боюнча, Украинанын президенти Владимир Зеленский Анкарага учуп барган. Анын Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушуусу пландалган. Ошол эле учурда Зеленский, эгер Путин келсе, Түркияда аны менен жолугушууга даяр экенин айткан.
АКШ тараптан Түркияга мамлекеттик катчы Марко Рубио жана президенттин атайын өкүлү Стив Уиткоффтун барышы күтүлүүдө. Рубио 14-май күнү кечинде НАТОго мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин бейформал жолугушуусуна катышуу үчүн Антальяга барды.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
