Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Американын президенти Дональд Трамп Эр-Рияд шаарында Сириянын убактылуу башчысы Ахмед аш-Шараа менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү, деп билдирди «Associated Press» агенттиги.
Басылма белгилегендей, бул акыркы 25 жыл ичинде АКШ менен Сириянын президенттеринин биринчи жолугушуусу болду.
Ак үйдүн билдирүүсүнө ылайык, жолугушуу учурунда Трамп аш-Шараага бир катар директиваларды, анын ичинде Израиль менен мамилелерди жөнгө салуу үчүн «Авраам келишимдерине» кол коюуну, «бардык чет элдик террористтер Сириядан кетсин» деген талапты, «палестиналык террористтерди» депортациялоону, Америка Кошмо Штаттарына ИГИЛдин кайра жаралышына жол бербөөгө жана Сириянын түндүк-чыгышындагы ИГИЛ мүчөлөрүнүн камак жайлары үчүн жоопкерчиликти өзүнө алууга жардам берүүнү сунуштады.
«CNN» Трамп Сириянын убактылуу башчысы менен кол алышканын белгиледи. Ал эми 6 ай мурун анын башы үчүн 10 миллион доллар сыйлык жарыяланган болчу.
13-майда инвестициялык форумда сүйлөп жаткан Трамп Сирияга каршы санкцияларды алуу тууралуу жарыялаган.
Ахмед аш-Шараа АКШда өзгөчө кооптуу террористтердин тизмесине киргизилген. Сириянын президенти болоордон мурун ал мамлекет башчысы «Хайат Тахрир аш-Шам» исламисттик тобун жетектеген. Анын жетекчилиги астында сириялык козголоңчулар өлкөнүн мурдагы лидери Башар Асадды кулатышкан. Анын тушунда АКШ азыр жокко чыгарылган санкцияларды киргизген.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
									 
					