Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – АКШнын президенти Дональд Трамп 15-майда Стамбулга барышы мүмкүн экенин билдирди. Ал жерде Орусия менен Украинанын сүйлөшүүсү өтүшү мүмкүн.
«Мен учуп барсамбы деп ойлондум. Бейшембиде кайда болорумду билбейм. Жолугушуулар көп, бирок Стамбулга учуп барсамбы деп ойлондум. Менин оюмча, мындай мүмкүнчүлүк бар», – деди Трамп «Reuters» маалымат каражатынын билдирүүсү боюнча.
Трамптын ою боюнча, Россия 30 күнгө ок атууну токтотууга макул болот.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Дональд Трамптын Стамбулга баруу ниетин колдой турганын билдирди.
«Мен Түркияда болом. Россиялыктар бул жолугушуудан качпайт деп ишенем. Биз Украинада ТрамптынТүркиядагы жолугушууга катышуусун каалайт элек. Бул туура идея. Көп нерсени өзгөртө алабыз», – деп жазды ал Телеграм каналына.
Өткөн аптада Владимир Путин 2022-жылдын жазында үзгүлтүккө учураган Орусия менен Украинанын ортосундагы түз сүйлөшүүнү жандандырууну сунуштады. Орусиянын президенти делегациялардын жолугушуусун 15-майда Стамбулда өткөрүүгө чакырды.
Ал эми Владимир Зеленский 15-майда Владимир Путинди Түркияда күтөрүн айтты.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
