Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Тургундары эмгекте баатырлык көрсөткөн Аманбаев айылы
Янгиликлар

Тургундары эмгекте баатырлык көрсөткөн Аманбаев айылы

Май 1, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Айтматов районуна караштуу Аманбаев айылы 1870-жылы негизделген. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы элеттин таржымалын такташтырды.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, азыркы айыл турган аймакка орус улутундагы келгиндер көчүп келип, айыл уюшулган. Бүгүнкү күндө ал учурга таандык имараттар сакталып калган. Айыл райондун борбору Кызыл-Адыр айылынан 35 км батыш тарапта, «Маймак» темир жол бекетинен 7 км түштүк тарапта жайгашат. Деңиз деңгээлинен 1050 метр бийиктикте турат. Күркүрөө суусу айылдын батышынан агып өтүп, Казакстан менен Кыргызстанды чектеп турат.

Айылда мектеп, бала бакча, оорукана, дарыкана, маданият үйү, В.И.Ленинге, М.И Калининге, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго арналып тургузулган эстелик бар. Айылда «Социалисттик эмгектин баатырлары» Алдаберген Аманбаев, Төлөбек Аманбаев, Дмитрий Гребещенко туулган.

СССР учурунда бул аймак «Россия» колхозу болуп турган. Жетекчиси Токтогул Бабанов иштеп турган кезде миллионер колхоз аталган. Айылдын аты ал учурда Грозный болгон. Айылдын батышынан Күркүрөө суусу агып, дайыма чагылган болуп тургандыктан келгин орустар Грозный аташкан.

1976-жылы гана Аманбаев айылы деп аталган. Калкынын саны 6100 адам.

Жогорку Кеңештин депутаттары Кенжебек Бокоев, Өмүрбек Бабанов жана Талас облусунун мурдагы губернатору Байымбет Мураталиев ушул айылда өскөн. Айылда кыргыз, казак, өзбек, орус, күрд, түрк жана башка улуттун өкүлдөрү жашайт. Жарандар дыйканчылык жана мал чарбасы менен алектенишет. Токтогул Бабановдун ысымы айылдын көчөлөрүнүн бирине ыйгарылган. Орто мектеп Чыңгыз Айтматовдун ысымында.

Россия колхозунун өлкөгө аты чыгышына салым кошкон инсандар:

Алдаберген Аманбаев – 1927-1975-жылдары жашаган малчы. «Социалисттик эмгектин баатыры», Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген малчысы. 1947-жылдан тартып өмүрүнүн акырына чейин башкы чабан болуп иштеген. Мал чарбасын өнүктүрүдө мыкты ийгиликтерге жетишип, 1970-жылы ар жүз тубар койдон 155 козу алып, чыгашасыз асыраган. Ар койдон 5,5 кг жүн кыркып алган. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.

Төлөбек Аманбаев – 1942-жылы туулган. Малчы, «Социалисттик эмгектин баатыры». 1958-жылдан тартып Кара-Буура районунун Россия колхозунда чабан, башкы чабан кызматында иштеген. Мал чарбасын өнүктүрүүдө мыкты ийгиликтерге жетишип, 1990-жылы ар жүз тубар койдон 182 козу алып, чыгашасыз асыраган. Ар койдон 5,5 кг жүн кыркып алган. СССР Жогорку Кеңешинин депутаты, Ленин, Октябрь Революциясы, Эмгек Кызыл туу ордендери, Бүткүл союздук айыл чарба көргөзмөсүнүн коло, күмүш, алтын медалдары менен сыйланган.

Дмитрий Гребещенко – 1905-1980-жалдары жашаган. Тамеки өстүрүүчү. «Социалисттик эмгектин баатыры». Кара-Буура районундагы Калинин атындагы колхоздун тамеки өстүрүү боюнча звено башчысы болуп иштеген. Ал жетектеген звено 1949-жылы 10,6 гектар тилкенин ар бир ар гектарынан 21,9 центнерден түшүм жыйнап алган. «Ленин», «Эмгек Кызыл Туу» ордендери менен сыйланган.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleМурдагы депутат Султанбай Айжигитов менен жубайы үй камагына чыгарылды
Next Article Өспүрүмдөр арасында эркин күрөш боюнча өлкө чемпиондору аныкталды

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.