Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — «Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — Чүй облусунун Москва районуна караштуу Кепер-Арык айылынын тургуну Айзат Каныбек кызы.
Айзат Каныбек кызы 1991-жылы 26-сентябрда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында төрөлгөн.
«Мен №5 Улуттук компьютердик гимназиясынан билим алып, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетинин бухгалтерия, анализ жана аудит кесиби боюнча окуп бүткөм.
Мектепти бүткөн жылы ири соода түйүндөрдүн бирине кеңешчи (консультант) катары жумушка кирип калдым. Ошол жерден сүйүктүүмдү таптым десем болот. Жолдошум дагы кеңешчи болуп иштечү. Кийин ал жумуштан экөөбүз тең чыгып кетип, байланышып жүрдүк. Арадан 3 жыл өткөн соң баш кошконбуз», – деди ал.
Айзат айым жаңы келин болуп келгендеги кызыктуу окуяларынан айтып берди.
«Жаңы келин болуп келгенде өтө көп кызыктуу, күлкүлүү окуялар болгон. Жаш болчумун. Өзүм да шайыр болгондуктан көп эле окуялар болду. Кайын инилерим менен бирге чана тээп, велосипед тээп ойночумун. Тамак жасаганда күндө бир күлкүлүү учур болчу. Анткени тамак жасаганды такыр билбейт элем. Мен келген үй-бүлөдө жолдошумдун чоң апасы да бар эле. Ал кишиге тамакты колго камыр жууруп жасаш керек экен. Камыр жасасам эле “карта мира” болуп калчу. Ошентип ойноп, эркелеп жүрүп, азыр камчы салдырбай калдым. Буюрса келгениме 13 жыл болду. Тамак жасаганды да, башкасын да үйрөндүм. Кайын журтума ыраазы болуп калам. Эстесем көп эле кылыктарыма чыдашыптыр. 3 кайним бар. Буюрса үйлөнүшсө мен да аларга үйрөтүп, жаштыгына, эркелигине көз жумуп, ынтымактуу болобуз деп ишенем.
Жолдошум Эдил Ысыев 1987-жылы 19-августта төрөлгөн. Биз бактылуу үй-бүлө түптөп, 2 уул, 2 кыздуу болдук. Жолдошум башынан эле келбети менен көңүлүмдү бурган — томпойгон, токтоо мүнөздүү жигит болчу. Негизи мүнөзү жагат. Абдан көтөрүмдүү, сабырдуу, көп сүйлөбөгөн, чечкиндүү анан дагы үйлөнгөнгө чейин эле камкор экенин байкагам», – деди каарманыбыз.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
