Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Turmush: Үйүнө бычак сайылып кайтып келген адам, кошунасына чуркап барган аял: Сокулуктагы кылмыш
Янгиликлар

Turmush: Үйүнө бычак сайылып кайтып келген адам, кошунасына чуркап барган аял: Сокулуктагы кылмыш

Май 28, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Чүй облустук соту башка адамга бычак сайган адамдын ишин карап чыкты. Turmush басылмасы кылмыштын чоо-жайын баяндайт. 

  • Иштин материалдары Мамлекеттик сот актыларынын реестрине жарыяланды.

Айыпталуучу Степан (аты өзгөртүлдү М.С.Н.) 1971-жылы туулган. Чүй облусунун Воено-Антоновка айылында туулган. Мурда соттолгон. 

Тергөөнүн маалыматына караганда, Степан Воено-Антоновка айылындагы тоок фермада кароолчу болуп иштечү. Ал 2024-жылдын 4-ноябрында саат 17:30 чамасында кароолчулук будкасында отурганда жетекчиси Салыбай (аты өзгөртүлдү Т.С.) келип, ага 12500 сом айлык акысын берүүнүн ордуна 12 миң сом маяна берген. Салыбай ага мурдагы сапатсыз жумушу үчүн 500 сомун кармап калганын айткан. Мунун айынан экөөнүн ортосунда чыгып, Степан бычак менен Салыбайды курсакка сайып жиберген. Ал оор жаракаты менен ооруканага жеткирилген. 

Сокулук райондук сотунун өкүмү:

Степан Сокулук райондук сотунун 2025-жылдын 29-январындагы өкүмү менен Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси 2-бөлүгүнүн 12-пункту (бейбаштык максатта ден соолукка оор зыян келтирүү) менен айыптуу деп табылып, 7 жылга камалган. 

Бул өкүм менен Степандын жактоочусу макул болбой, облустук сотко кайрылган. Ал арызында Салыбай ага маянасынан 500 сомун кармап калганын, Степан ага макул болбой, акчасын талап кылганын айткан. Экөө чатакташа кетип, жабырлануучу бычактан жаракат алган. Жактоочу айыпталуучу Степандын аракети Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси 2-бөлүгүнүн 12-пункту (бейбаштык максатта ден соолукка оор зыян келтирүү) менен каралбашы керектигин айтып, ага пробациялык көзөмөл дайындоону суранган. 

Айыпталуучу Степан да окуяны айтып берди. Ал күнү саат 18:00 чамасында Салыбай анын иште отурган жерине келген. Экөөнүн ортосунда акчанын айынан чыр чыккан. Салыбай аны сөгүп, коркутуп, көзгө чаап жиберген. Ал аны бычак менен курсакка сайган. 

Ал эми жабырлануучу Салыбайдын айтымында, ал күнү фабрикага ишине келген. Степанга жолугуп, ага 12 миң сом маяна берген. Бирок ага иш учурунда уктап жаткандыгы үчүн 1000 сомун кармап каларын айткан. Степан 500 сомун талап кылган. Экөө чатакташа кеткенде Степан жанындагы башка шериги Владимирге (аты өзгөртүлдү В.П.) «бычакты бер» деп айткан. Владимир бычакты берген эмес. Ошол учурда ал бычакты өзү ала калып, аны сайып жиберген. Өзүн болсо ооруканага жеткиришкен.  Ал Степанды көзгө чаппаганын айтып, ага мыйзам чегинде жаза берүүнү суранды. 

Сотто Салыбайдын аялы да маалымат берди. Ал күнү жолдошун маяна алуу үчүн жумушуна чакыртышкан. Ал өзүнүн «Жигули» унаасын айдап кеткен. Күйөөсү 1 сааттан кийин кийими кан болуп, жаракатын чүпүрөк басып кайтып келген. Ал кошунасына барып, күйөөсүн ооруканага жеткирип коюуну суранган. Аны айылдагы поликлиникага жеткиришкен. Ал жерден тез жардам менен Сокулук аймактык ооруканасына алып кетишкен. Күйөөсү ага Степан сайып жибергенин айтып берген. 

Соттук-медициналык экспертизанын 2024-жылдын 29-ноябрындагы корутундасында Салыбай бычактан өмүрүнө коркунуч келтирген оор жаракат алганы айтылган. 

Облустук соттун өкүмү: 

Чүй облустук соту 2025-жылдын 31-мартында иштин материалдарын карап чыгып, Степанды Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси 1-бөлүгү (ден соолукка оор зыян келтирүү) менен айыптуу деп таап, 5 жылга эркиндигинен ажыратты. Айыпталуучунун арызы жарым-жартылай канааттандырылды. 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleБишкек мэри Айтматов проспектисиндеги тосмолордун буздурулушу боюнча комментарий берди
Next Article Өзгөндө 26 жаштагы Дилдора Маматхонова 3 эм ымыркайларды жарыкка алып келди

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.