Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — 21-майда Талас районунун Кырк-Казык айылында сууга агып кеткен 3 кызды куткарган милиция кызматкерлери сыйланды. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, 21-майда Талас облусуна Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жумушчу сапары менен келген. Бул иш сапардын алкагында Талас ОИИБдин кызматкерлери коомдук тартипти көзөмөл кылуу үчүн аймактарга бөлүнүшкөн.
Талас районунун Кырк-Казык айылында кызматтык милдетин аткарып жаткан Талас ОИИБдин кызматкери Эркин Койкумбаев саат 15:18 чамасында суусу шар аккан каналда 3 кыз агып бара жатканын көрүп калган. Ал ыкчам түрдө унаасына отуруп, канал бойлоп айдаган. Канал боюндагы тегиз эмес жерде катуу ылдамдыкта келе жаткан унааны кесиптеши Руслан Акматов байкап, жол тараптан канал бойлой жүгүргөн. Эркин Койкумбаев автоунаасынан түшүп, формачан каналга секирип, кыздарды куткарган. Бул учурда кесиптеши Руслан Акматов жана ошол жерде жүргөн Бактыгул Жаныбеков аттуу адам кыздарды куткарууга жардам беришкен. Кыздарды суудан чыгарышкан соң милиция кызматкерлери биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн.
Териштирүү учурунда алгач 11 жаштагы кыз канал боюнда жүрүп, бут кийимин агызып жибергени такталган. Ал бут кийимин алам деп жатып өзү агып кеткен. Сууга аккан кыздын артынан 16 жаштагы 2 кыз куткаруу үчүн каналга түшкөн. Бирок каналдагы суу шар агып, асты балыр болгондуктан ал кыздар дагы кошо 300 метрдей аралыкка агып кеткен. Азыркы учурда кыздардын бардыгынын абалы туруктуу.
23-майда 3 кызды куткарган милиционерлер Эркин Койкумбаев, Руслан Акматов жана Талас районунун Арал айылынын тургуну Бактыгул Жаныбековго президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев ардак грамоталарды тапшырды.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
