Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Бүгүн, 9-майда Жети-Өгүз районуна караштуу Кичи-Жаргылчак айылында Аксакалдар санжыра маданий борбору ачылып, ишке берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Коомдук бирикменин төрагасы С.Ибраев айылдагы аксакалдар кеңешип, элеттеги көйгөйлөрдү талкуулап кеңешкен борбор болоорун, мындай борборлор алдыда Жети-Өгүз айылында да ишке берилерин белгиледи.
Борбор боз үй формасында курулуп, 100 кишиге ылайыкташтырылган. Каржы булактары демөөрчүлөр жана жергиликтүү бийликтин колдоосу менен ишке ашырылып 20 млн сомго курулган. Борбордо санжыра, китепкана да камтылган. Коомдук ишмер, манасчылар,төкмө акындар, жергиликтүү элдин катышуусунда ачылды.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
