Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — 1906-жылы чет элдик саякатчы кыргыз турмушу, ошол кездеги салт-санаа, үрп-адатына күбө болгон. Анын ичинде унутта калган — бешик куда, бел куда, кайчы куда бар.
Бешик куда — бала кичинекей, бешиктеги мезгилинде кудалашуу салты. Бири-бири менен ымаласы жакын эки үй-бүлө өзүлөрүнүн жакындыгын күчөтүү максатында бешик куда болушкан. Кудалашкан күндөн тартып, болочок келиндүү болчу тарап калың төлөй баштап, айрым учурда колукту күйөөсүнүн босогосун аттаган күнгө чейин созулган. 4-5 жашка чыккан балдары алардын кудалашканын да билишкен.
Никелешүүнүн ушул сыяктуу түрлөрү казактарда, өзбектерде, моңголдордо, тажиктерде, ошондой эле Орто Азиянын башка элдеринде да кездешкен. Ага мисалы катары Темучин (Чыңгыз хан) менен Бортэнин эрте жашта кудалашуусун айтсак болот. Муну менен катар Орто Азиянын көрүнүктүү башкаруучулары да үйлөнүүдө ушул эле салтты карманышкан.

Кудалашуу — никелешүү алдында ата-энелердин нике тууралуу макулдашуусу, убадалашуусу. Кудалашуу төмөндөгүдөй түрлөрдө жүргүзүлгөн — бел куда, бешик куда, кайчы куда.
Бел куда болуу — бул балдар төрөлө электе эле кудалашуу салты. Эгерде төрөлгөн балдардын экөө тең уул же кыз болуп калса, анда достоштурат. Ошондой болсо да илим бүгүнкү күндө гана ДНК хромосому 7 ата өткөндөн кийин гана тазаланаарын билсе, кыргыздар байыртадан эле билип, 7 ата өтмөйүн кудалашкан эмес.
Кээде өспүрүм уулу бар адамдар жакын санаалаштары кыздуу болгон учурда ак боз бээнин көкүлүнө кебез байлап келип, кулдук уруп, кудалашып, жаңы төрөлгөн наристеге сөйкө салып кетишкен. Ошону менен ал кыздын башы байланып, сөйкөлүү кыз аталган. Ага башка эч ким көз арта алган эмес. Бул бешик куда болуу деп аталат. Бул учурларда албетте балдардын макулдугу суралбайт.

Кайчы куда — кыз алышып, кыз беришүү. Кудалашуу демилгеси жигиттин ата-энеси же алар жиберген жуучу кыздын ата-энесине же жакын тууган-туушкандарына баруудан башталган. Кудалашуу учурунда кыздын же жигиттин эрки, каалоосу эсепке алынган эмес.
Бирок бул каада-салт болгонуна карабастан көптөгөн жаштар тандоо эркиндигин сактап калышты. Жаштар өз алдынча өмүрлүк жарын тандашып, куда түшүүдө жана той өткөрүүдө үрп-адаттарды жана каада-салттарды сактап калышты.
Жеңелердин кызды, жигитти үй-бүлөлүк турмушка даярдоодо, өз теңин таап берүүдө орду чоң болгон. Эгерде кыздын башы бош болсо (мурда эч ким бел куда болбосо, сөйкө салбаса), ал бойго жеткенде жактырып калган жигит, кыйлага акмалап, сынына толтургандан кийин гана ата-энесине айткан. Ошондон кийин баланын атасы, же анын оозунда кеби бар, элге кадыр-барктуу туугандарынын бири кыздын атасына жуучулукка келип, кудалашуу башталган.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
