Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Борбор калаанын түштүк-чыгышында медициналык шаарча куруу пландалууда, анда бардык улуттук борборлор бириктирилет. Азырынча долбоор эскиз боюнча турат. Учурда Бишкекте онкологиядан баштап хирургияга чейин — 6 улуттук медициналык борбор иштейт. Аларды шаардын борборунан чыгаруу пландалууда. Себеби: жол тыгыны.
Шаардык оорукана менен төрөт үйлөрү мурдагы орундарында эле калат. Болгону аларда оңдоо иштери жүргүзүлөт.
Учурда кайсы объекттер курулуп жатат?
Эң ири долбоорлордун бири — келечектеги Улуттук травматология жана ортопедия борбору. Ал Тез жардам ооруканасынын аймагында, Кривоносов көчөсү, 206 дарегинде курулуп жатат.
Борбор 440 орунга ылайыкташтырылган жана дароо 11 бөлүмдү бириктирет. Бул жерде операциялык бөлмөлөр, реанимация, диагностикалык кызматтар, лабораториялар, амбулатория, физиотерапия жана реабилитация болот. Атүгүл чатырда санитардык авиациянын бейтаптары үчүн тик учак аянтчасы да каралган. Жалпы аянты — 34 миң чарчы метрден ашык. Комплекс 5 блоктон жана унаа токтотуучу жайдан турат.

Дагы бир маанилүү долбоор — трансплантация жана гемодиализ борбору. Курулуштун мезгил кутусу ноябрь айында салынган.
Борбор бюджеттин эсебинен — 446 млн сомдон ашык каражатка курулууда. Анда бөйрөк жана боор оорулары дарыланат, гемодиализ жана трансплантация жасалат. Мындан тышкары, реанимация бөлүмдөрү, лабораториялар, операциялык бөлмөлөр жана трансплантациядан кийинки кароо үчүн керектүү нерселердин баары каралган.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жаңы корпусу курулуп жатат. Ал 350 орунга ылайыкталган.
Бул жерде сөңгөк клеткаларды трансплантациялоо, онкогематология үчүн реанимация, паллиативдик жардам, микрохирургия, боорду трансплантациялоо менен гастроэнтерология бөлүмдөрүн ачуу пландаштырылууда.
Ошондой эле атайын кам көрүү бөлүмү пайда болот. Бул эң татаал бейтаптарга ылайыкталган көп тармактуу комплекс болот.
Тизмеде №1 шаардык клиникалык оорукана да бар. Сентябрь айында бул жерде лабораториялары, УЗИ, ЭКГ, кароо кабинеттери, 36 керебеттүү терапия бөлүмү жана реанимация залы бар жаңы терапиялык 4 кабаттуу корпус курула баштаган.
Долбоорду кайрымдуулук фонду каржылап жатат. Ушул эле комплексте гемодиализ борборун ачуу пландалууда.
Сентябрь айында Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим изилдөө институтунун базасында тубасажүрөк ооруларына чалдыккан балдар үчүн жаңы борбордун курулушу башталган.
5 кабаттуу имарат 75 керебетке ылайыкталган. Ичинде операциялык бөлмөлөр, реанимация, консультациялык кабинеттер, кардиохирургия, МРТ, КТ, стерилизациялоочу жайлар бар. Бардык палаталар эки кишилик, санитардык түйүн жана жуунучу бөлмөсү да болот.
Шаардык балдар ооруканасында жаңы хирургиялык корпус курулуп жатат. Азыркы учурда тез жардам хирургиясы, травматология, урология жана нейротравматология 1963-жылы курулган имаратта жайгашкан. Бул бөлүмдөрдүн баары жаңы, заманбап жайга которулат.
Курулуш иштеринин жарымынан көбү аткарылды.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
