Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » УКМК Ак-Талаадагы жетекчини кармады
Янгиликлар

УКМК Ак-Талаадагы жетекчини кармады

Май 24, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Нарын облусунун Ак-Талаа райондук финансы башкармалыгынын жетекчиси кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чараларынын алкагында кызматтык унааны жеке менчикке мыйзамсыз берүү фактысы боюнча Ак-Талаа райондук каржы башкармалыгынын башчысы К.Б.К кармалып, Ат-Башы РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тактап айтканда, К.Б.К. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кийинчерээк өзүнүн атына каттоо максатында Ак-Талаа райондук финансы башкармалыгынын С.Б. аттуу күзөтчүсүнө эсептен чыгарыла турган «Хонда СRV» (2004-жыл) кызматтык автоунаасын менчиктештирүүгө укук берүү жөнүндө Ак-Талаа райондук финансы бөлүмүнүн профсоюзунун чечимине жалган протоколун тариздөөнү демилгелегени аныкталды.

Андан соң К.Б.К. жеке баа берүүчү компания менен алдын ала сүйлөшүп алып, аталган унааны 150 миң сомго арзандатылган баада баалап, ошондой эле аталган мүлккө менчик укугун каттоо органдарына С.Б.нын атын каттатып, аталган транспорт каражатын билгизбей пайдаланып жүргөн.

Эсептен чыгаруу процедурасына чейин К.Б.К. бул автотранспортту оңдоо жана запастык бөлүктөрүн алмаштырууну Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин бюджеттик каражаттарынын эсебинен жүргүзгөн.

К.Б.К.нын башка мыйзамсыз аракеттери боюнча, ошондой эле аларга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous Article«Ошайылкурулуш» ААКтын жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
Next Article Жогорку Кеңештин экс-спикерине кошумча укук берүү жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынды

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Top Posts
Advertisement
ЖАРНАМА EurasiaPulse баннер

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
© 2026 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.

Go to mobile version