Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Бишкек шаарындагы №29 орто мектептин «директору» кармалды, деп маалымдады УКМКнын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, балдарды кезекке коюуда «Мектеп» электрондук системасы аркылуу каттоодо туруктуу коррупциялык схема аныкталган. Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Бишкек шаарындагы №29 орто мектептин «мурдагы директору» К.М.Ж. аталган мектептин ата-энелер комитетинин төрагасы болуп туруп, акчалай компенсация үчүн балдарды мектепке киргизүү боюнча кызмат көрсөткөн.
Алынган маалыматтар боюнча К.М.Ж. балдардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жасалма документтерин колдонуу менен 2025-жылдын апрелинде электрондук кезекке коюуга 86 арызды кабыл алууга жана бекитүүгө мыйзамсыз “жардам бергенин” көрсөткөн. Аталган мектепке тиешелүү 4 турак жайдын дареги боюнча 86 бала катталган. Муну менен «Мектеп» электрондук системасы аркылуу кезекке туруп, балдарын окутууну каалаган башка ата-энелердин мыйзамдуу укуктары бузулган.
Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө К.М.Ж. өзүнүн мыйзамсыз аракеттерин жашыруу жана оң жыйынтык чыгаруу максатында пара сунуштап, КР УКМК кызматкерине 100 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын электрондук капчык аркылуу берген.
Бул факт боюнча УКМК тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (пара берүү) менен кылмыш иши козголуп, К.М.Ж. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Бул схемага тиешеси бар бардык жагдайларды жана адамдарды аныктоо боюнча иштер уланууда.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды