Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Акча каражаттарын легалдаштыруунун мыйзамсыз каналын уюштурган шектүүлөр кармалды, деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы 22-майда.
Комитеттин маалыматы боюнча, Кыргыз Республикасынын жарандары Т.Р.Р. жана Д.у.А. «цыган почтасы» деп аталган акча каражаттарын легалдаштыруунун мыйзамсыз каналын уюштурганы аныкталды. Алар Бишкек шаарындагы акча алмаштыруучу жайларда ар кандай кылмыштуу схемалар аркылуу иштеп, Россиядан келген 20 млн доллар каражатты мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенишкен.
«Шектүүлөр айрым учурда башка жарандардын акчасын алдоо жолу менен ээлеп алышкан.
2024-жылдын май айында Кыргызстандын жараны А.Л. аталган жарандарга 2 млн долларга барабар 65 млн рубль берген», – деп айтылат расмий маалыматта.
2025-жылдын 20-майында Т.Р.Р. жана Д.у.А. кармалып, 1-тергөө абагына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
