Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – К.Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобун каржылоо фактысы боюнча казак ишкерине издөө жарыяланды, деп билдирди УКМК.
«Жумабеков Ерканат Берикбаевич К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобун каржылаганы аныкталды.
Е.Жумабеков КМШ өлкөлөрүндө бизнес кызыкчылыктарын жана экономикалык долбоорлорун илгерилетүү максатында К.Асанбек менен тыгыз байланыш түзгөн.
Е.Жумабеков К.Асанбек менен достук мамиледе болуп, Ысык-Көл облусунда жайгашкан “Барс” эс алуу борборунда К.Асанбек менен бир нече жолу бош убактысын өткөргөнү, ошондой эле К.Асанбектин жакын туугандары Алматы шаарына барганда, аларга каржылык жардам көрсөткөнү аныкталган.
Чогултулган материалдардын негизинде Е.Жумабековго карата Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун токтому менен сырттан камакка алуу бөгөт коюу чарасы тандалып, издөө жарыяланды», – деп айтылат расмий маалыматта.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
									 
					