Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Камчы Асанбектин (Камчы Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү Т.Ж.Ж. кармалды, деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.
Комитеттин маалыматы боюнча, «Жеша» каймана аттуу шектүү мурда Каракол шаарынын «смотрящийи», Ысык-Көл облусунун «положенеци» катары таанымал болгон.
Мындан тышкары, К.Асанбекти кайтарып жүргөн М.Н.К. уюшкан кылмыштуу топтун мыйзамсыз ишине катышкан деген шек менен кармалды.
Эки шектүү Караколдо убактылуу камакка алынып, тергөө жүрүп жатат.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
