Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Улуш Сайпидинова Түркияда гранттык негизде бекер билим алып жатат
Янгиликлар

Улуш Сайпидинова Түркияда гранттык негизде бекер билим алып жатат

Май 25, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Чоң-Алай районундагы Кара-Мык айылынын 23 жаштагы тургуну Улуш Сайпидинова Түркиянын Эрзурум шаарындагы Ататүрк университетинде магистратурада билим алып жатат. Аймактык кабарчы алыстагы мекендештен кабар алды. 

Анын айтымында, грант аркылуу келгендиктен билимди бекер алат. 

«Мектепти өз айылымдагы Ленин атындагы орто мектептен аяктадым. 2020-жылы Ош мамлекеттик университетинин Кыргыз филологиясы жана журналистика адистигине тапшырып, 2024-жылы ийгиликтүү бүтүрдүм.

Учурда Түркиянын Эрзурум шаарындагы Ататүрк университетинде магистратурада журналистика боюнча билим алып жатам. Бул жылы түрк тилин үйрөнүү курсунда окуп жатам. Ал эми келерки жылдан тарта магистрдик билимимди баштайм. Мен Түркияга «Türkiye Bursları» программасынын негизинде грант аркылуу келгем. Бул грант окуу акысын, жатакананы жана тамак-ашты камсыздап берет», – деди ал.

Каарманыбыз Түркия менен Кыргызстандын жашоосунун айырмачылыктары жана окшоштуктарына да токтолду.

«Кыргызстан менен Түркиянын билим берүү системасында айырмачылыктар бар, бирок экөө тең билимге чоң маани беришет. Маданияты, айрым каада-салттары жана тили да окшошуп кетет.

Башында чет элдик студенттер менен тил маселесинен улам түшүнүшүү кыйын болду. Бирок мимика, кол жаңсоо аркылуу түшүндүрүп, тил табышып кеттик. Бул учурлар мен үчүн абдан кызыктуу жана эсте калаарлык болду.

Келечекте магистратураны ийгиликтүү аяктап, Кыргызстанга кайтып, жергиликтүү университеттердин биринде мугалим болуп иштегим келет. Түркияда алган билимимди кыргыз жаштары менен бөлүшүү — менин чоң максатым.

Түркияда билим алууну каалаган жаштарга кеңешим — коркпогула, аракет кылгыла. Биринчи кезекте максатыңарды так аныктап, студенттик жашооңорду активдүү өткөргүлө. Түрдүү тренингдерге, окууларга катышып, дипломдорду, сертификаттарды топтогула. Бул документтер чет өлкөгө тапшырууда чоң жардам берет. Тил үйрөнүүгө өзгөчө көңүл бурууну сунуштайм. Тил билүү башка өлкөгө чыкканда абдан маанилүү», – деди ал. 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleЖети-Өгүздүн Тилекмат айылынын имамы уулу менен бирге кулпундайдын 3 сортун өстүрүп жатат
Next Article 26-майга карата аба ырайы

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.