Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » » Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Турусбек Алымбековдун эрдиктерин жана эмгектерин келини эскерди
Янгиликлар

» Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Турусбек Алымбековдун эрдиктерин жана эмгектерин келини эскерди

Май 4, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Улуу Ата Мекендик согуштун II даражадагы жана «Кызыл Жылдыз» орденинин жана бир нече медалдардын ээси — согуштун ардагери маркум Турусбек Алымбековдун эрдиктерин жана согуштан кийинки эмгектерин келини Айтбүбү Алымбекова эскерди. Айтбүбү Алымбекова менен аймактык кабарчы маек курду.

Турусбек Алымбеков 1946-жылы капитан наамын алып, жеңиш менен элине кайтып келген.

«Улуу Ата Мекендик согушта душмандар менен салгылашып, ок аралап от кечкен жоокер аталарыбыздын, оорукта кары-картаңдардын, аялдардын, жаш өспүрүмдөрдүн күжүрмөн эмгектерин эскерип, даңктап урматтоо менен азыркы муундарга Улуу Жеңиштин маанилүүлүгүн жеткирип туруу биздин парзыбыз.  

Турусбек Алымбеков Фрунзе шаарындагы педагогикалык окуу жайын бүтүрүп, эмгек жолун мугалим болуп иштөөдөн баштаган. Кийин артиллериялык окуу жайын аяктап, Польшанын чек арасында кызмат өтөп жатканда каргашалуу согушка дуушар болот. Согуштун алгачкы айларында Ленинград фронтундагы айыгышкан каардуу согушка катышат. Ал батереянын командирлик милдетин өтөп, 1943-жылы январь айында Ленинграддын алгачкы блокадасын үзүү чабуулун баштан өткөрөт. 

Турусбек Алымбеков кандуу кармаштан кийин үчүнчү украиналык фронтко Украина ССРинин бир катар шаарларын, ошондой эле Болгарияны, Румынияны, Югославияны, Австрияны бошотууга катышкан.

Ошондой эле согуштун оор күндөрүн башынан өткөрүп, 1946-жылы капитан наамын алып, жеңиш менен элине кайтып келет. Көк-Арык, Чалдовар мектептеринде директор болуп иштейт. 1952-жылы республикалык партиялык мектепти бүтүрөт. Уюштургуч жөндөмү күчтүү болгондуктан ага чоң ишеним көрсөтүлүп, райондук эл агартуу бөлүмүнүн башчысынан колхоздун башкармасы, райисполкомдун, шаардык аткаруу комитетинин төрагасы кызматтарына чейин иштеп, кыргыз эли үчүн ак эмгек өтөгөн. «Эл агартуунун мыктысы», Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин жана бир катар ведомстволук ардак грамоталарга татыктуу болгон.  

Улуу Ата Мекендик согушта көрсөткөн эрдиктери, согуштан кийинки эл-журтуна кылган кызматы бааланып, Талас шаардык эл депутаттарынын кеңешинин токтомунун негизинде мурдагы Западная атындагы көчөгө Турусбек Алымбековдун ысымы ыйгарылган.

Ал жубайы Алиман Нусубалиева экөө 3 кыз 2 уулду тарбиялашкан. Турусбек Алымбеков 2001-жылы каза болгон. Ал эми жубайы 72 жашында мындан 15 жыл мурун көз жумган», – деди келини Айтбүбү Алымбекова. 

  • Улуу Ата Мекендик согушта (1941–1945) Кыргызстан (ошол учурдагы Кыргыз ССР) болжол менен 360 миңден ашуун адамды фронтко жөнөткөн. Бул ошол кездеги республиканын жалпы калкынын дээрлик төрттөн бир бөлүгү болгон. Алардын ичинен болжолдуу 100 миңге жакыны согуштан кайтпай калган же дайынсыз жоголгон.

«Кызыл Жылдыз» ордени СССР учурунда берилген. Ал:

– Аскердик кызматтагы каармандык үчүн;

– Согуш талаасында көрсөткөн эрдик жана чебердик үчүн;

– Чек араны коргоодо же ички коопсуздукту камсыздоодо көрсөткөн эрдик үчүн ыйгарылган.

Кыскача айтканда, «Кызыл Жылдыз» ордени фронтто, согуштук аракеттерде өзгөчө баатырдык көрсөткөн аскерлерге, офицерлерге жана айрым учурларда жөнөкөй кызматкерлерге да берилген.

«Эл агартуунун мыктысы» төш белгиси СССР жана кийин Кыргыз ССРи тарабынан:

– Билим берүү тармагында өзгөчө ийгиликтерге жетишкен;

– Мугалимдик кесипти үзүрлүү аркалаган;

– Окуучулардын билим деңгээлин жогорулатууга чоң салым кошкон;

– Мектеп, колледж, жогорку окуу жайларда узак жана татыктуу эмгектенген педагогдорго берилген.

«Эл агартуунун мыктысы» төш белгиси — билим берүү чөйрөсүндөгү эң жогорку сыйлыктардын бири болгон.

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleЧолпон-Атада жөө күлүктөрдүн эл аралык жарышы өттү
Next Article Жалал-Абадда чет өлкөлүк номердеги жол тандабастар кырсыкка учурады (видео)

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.