Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Нарын облусундагы Ат-Башы районунун тургуну Чолпонай Сагындыкова унутта калып бара жаткан «Узун сарыга түймөч» аталышындагы тамакты эске салып, жасалуу жолун Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына айтып берди.
Анын айтымында, «Узун сарыга түймөч» тамагы малдын сүрсүгөн этинен жасалат. Бул азык адамды топук кармайт.
«Илгери ата-бабаларыбыз малдын этинен түрлүү, даамдуу, витаминдүү тамак-аштарды жасап келишкен. Акыркы жылдары этти муздаткычка салып коюп көп жасабай, убакыттын өтүшү менен кыргыз даамдарынын көбү унутта калып бара жатат.
Мен бул жолу дал ушул «Узун сарыга түймөч» азыгын жасадым. Сырты байланбас тайдыкы.
Бул азык сүрсүгөн эттен өзүнүн эрежеси менен жасалат. Биринчиден малдын эти туздалып, кургатылып, жылкынын же койдун карынына салынат. Айрымдар 1 эле малдыкын, кээси 4 түлүк малдын этин салып жасашат. Илгерки ата-бабаларыбыз төш этке толук түрдө орогон. Көбүнчө карынга орошкон. Сактап коюп жазга маал узун сарыда үзүмчүлүк убагында түймөчтү ачып жешкен.
Талаада кызыл гүл деген атайын тамак-ашка кошо турган гүл болгон. Дал ушул тамакка дагы ошону терип келип кошушкан. Ал гүл сарымсак (чеснок), пияздын дагы даамы аралашкан даам берет, ошол кызыл гүл менен маринаддашкан.
Пайдалуулугу: Сүрсүгөн эт салынгандыктан бул азык адамды ток кармайт. Бул колориттүү, топуктуу, витаминдүү, курамындагы кызыл гүл дагы организмге пайдалуу. Өзгөчө сасык тумоо курчуп турганда, балдар чүчкүрүп ооруп калган убакта тамакка кошуп кайнатып ичсе иммунитетти көтөрүп, ооруну жеңил жеңип кетүүгө жардам берет», – дейт ал.
«Узун сары» деген сөздүн чечмелениши
Март, апрель айлары жазгы үзүмчүлүк болуп, аны кыргыздар «узун сары» деп коюшат. Негизи күн менен түндүн теңелишинен соң күн узарып, «узун сары» башталат. Кыргыз эли малдын этин сүрсүтүп, сары жүрмө, чучук жана башка чүйгүн эттерди «узун сарыга» сакташкан. Себеби, бул айларда адамдардын курсагы тойбой, алы кетип, мал арык, тоют жок болгон. Ушул айларда суук болуп, мал ачкадан жүнүн жеп, жут башталган. Эгер суук узак болсо, мал кырылып жут болгон.
Илгери бир киши аялына сары жүрмөнү каптагы унга салдырып: «Кемпир муну «узун сарыга» сактап кой. «Узун сары» келгенде асабыз» дейт. Бир күнү күйөөсү алыста жүргөндө, жол жүрүп келе жаткан жолоочу кеч киргенден жатып кетүүнү суранат. Анын бою узун, өңү сары болот. Кемпир: «Баягы абышкам айткан «узун сары» ушул турбайбы» деп, унга салынган сары жүрмөнү бышырып берип коет. Кийин жаз келип, эт түгөнгөн кезде абышкасы: «Кемпир «узун сары» келди. Баягы «узун сарыга» сактаган сары жүрмөнү алып чык» дейт. Кемпири: «Ай абышка, аны узун, сары киши келгенде салып бергем» дейт. Ошондо абышкасы: «Узун сары» деп, жазгы үзүмчүлүк убакты айтат. Жазында адамдар алы кетип шалдырайт. Ошол учурда тамак керек. Ошол үчүн чүйгүн тамакты «узун сарыга» деп сактайт» деп түшүндүргөн экен.
Кыргыз эли көчмөн турмушта тиричилик кылган кезде кышкыга согум деп бир бодо малды же жылкыны союшкан. Анткени, жазга жакындаганда мал арыктап, союуга жарактуу мал калбайт. Ошондуктан семиз бээни союп, анын чучугун, картасын, жалын көбүнчө жазга калтарышкан. Семиз уй союп, сары жүрмөсүн, жиликтерин сакташкан. Семиз кой союшса, анын сөөгүн алып таштап, карындын ичине сулп этин салып, жүк жыйган тактанын алдына киргизип коюшкан. Жаз башталып, кар ээриген кезде тоңгон эттен үй-бүлөсүнө тамак жасап беришкен. Ал эми семиз бээнин чучугу менен картасын, жалын күн жылый баштаганда, каптын ичиндеги ундун арасына салып коюшкан. Ал ундун ичиндеги сүрлөр жайкы ысык маалга чейин бузулган эмес. Унга салынган сүрдү көбүнчө кадырлуу адамга беришкен.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
									 
					